# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202175>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3614/edition/517159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202175.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-августундагы "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202175

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2007-жылдын 9-августу № 141

"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон

бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына толуктоолор

киргизүү тууралу

2007-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202175/st-1)

"Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13) мүлктү легалдаштырууда пайда болуучу укуктар.".

2. 7-статьяда:

2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөрдөн кийин", мүлктү легалдаштыруу учурунда документтерди тапшыруудан башкасы" деген сөздөр менен толукталсын.

3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Легалдаштыруучу мүлккө мамлекеттик каттоонун жоктугу үчүн легалдаштыруунун субъекттери жоопкерчилик тартышпайт.".

3. 18-статьясынын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:

"Легалдаштыруунун мүлкү боюнча каттоо органынын кызматы үчүн легализациялоонун субъекттери акы төлөшпөйт.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202175/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202175/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана "Акча каражаттарын, кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
