# 22-1-статья. Фонддун башкармасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202168)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-августундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 октября 2011 года № 173 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203412)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202168/st-22-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3607/edition/385399/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө, 22-1-статья (17.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202168/st-22-1

---

1. Башкарма Фонддун ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу,

анын коллегиялык аткаруучу органы болуп эсептелет.

2. Башкарманын курамына Фонддун Директорлор кењешинин төрагасынын

сунушу боюнча Директорлор кењеши дайындоочу Фонддун башкы директору, аткаруучу директору жана финансылык директору кирет. Фонддун Башкармасынын мүчөлүгүнө жакшы бедели бар жана өздөрүн ке- сиптик жактан көрсөтүшкөн, инвестициялоо, экономика жана башкаруу жаа- тында жетиштүү тажрыйбасы бар адамдар дайындалат. Башкарманын мүчөлөрүн Директорлор кењешинин төрагасынын демилгеси боюнча Директорлор кењеши ээлеген кызматынан бошотот.

3. Башкы директор Фонддун Башкармасынын төрагасы болуп эсептелет

жана анын ишине жетекчилик кылат. Башкарманын төрагасына Фонддун ишинин маселелери боюнча опера- тивдүү жана аткаруучу-тескөөчү чечимдерди кабыл алууга, Фонддун атынан келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, ошондой эле Фонддун уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды колдонууга ыйгарым укуктар берилет.

4. Башкарманын регламенти жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору

Фонддун уставы менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202168/st-22)  
Кийинки берене: [22-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202168/st-22-2)
