# 12-статья. Долбоорлорду каржылоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202168)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-августундагы № 135 "Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.11.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 17 октября 2011 года № 173 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203412)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 ноября 2009 года № 292 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Фонде развития Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203226)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 05.11.2009 [Закон КР от 5 ноября 2009 года № 292 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Фонде развития Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/203226); 11.05.2009 [Закон КР от 11 мая 2009 года № 152 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202168#diff=385401..385402>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202168/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3607/edition/385399/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202168/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду жөнүндө, 12-статья (17.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202168/st-12

---

1. Фонд Фонддун акционери тарабынан аныкталган талаптарга жооп бе-

рүүчү улуттук долбоорлорду каржылайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча долбоорго "улуттук" статус берилет.

2. Улуттук долбоорлорду Фонд тарабынан каржылоо төмөнкүдөй жолдор

аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) Фонддун директорлор Кењеши тарабынан бекитилүүчү ички актыларга

жана макулдашууларга ылайык улуттук долбоорлорду жүзөгө ашыруучу юриди- калык жактардын ишине катышуу;

2) Фонддун директорлор Кењеши тарабынан бекитилүүчү ички актыларга

жана кредиттик келишимдерге ылайык улуттук долбоорлорго кредит берүү.

3. Фонддун катышуусу менен улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууда

Байкоочу кењеш түзүлөт, аны түзүү тартиби жана анын иши Фонддун дирек- торлор Кењеши тарабынан аныкталат.

4. Фонд тарабынан улуттук долбоорлорду каржылоо Фонддун директор-

лор Кењеши тарабынан бекитилүүчү ички актыларга ылайык аныкталган шарт- тарда, тартипте жана мөөнөттөрдө жүргүзүлөт. Берилүүчү кредиттер боюнча сый акынын ставкасынын өлчөмү карыз алуунун орточо наркын жана Фонддун операциялык сарптоолорун эске алуу менен эсептелет.

5. Фонд тарабынан берилүүчү кредиттер күрөө, кепилдиктер жана мил-

деттенмелердин аткарылышын камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын мый- замдарында каралган дагы башка ыкмалар менен камсыз кылынууга тийиш. (КР 2009-жылдын 11-майындагы № 152, 2009-жылдын 5-ноябрындагы № 292 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202168/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202168/st-13)
