# 5-статья. Легалдаштыруу тартиби

- Документ: [Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202167)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-августундагы № 134 "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.12.2016
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202167#diff=766751..766752>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202167/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3606/edition/766751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202167/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралу, 5-статья (23.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202167/st-5

---

1. Легалдаштыруу легалдаштыруу субъектинин төмөнкүдөй ыктыярдуу

декларацияланышы менен жүзөгө ашырылат:

1) акча каражаттарын (улуттук жана чет өлкөлүк валютада) - Кыргыз

Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталуучу банктарда жана фи- нансы-кредит мекемелеринде;

2) транспорт каражаттарын - мамлекеттик автомобиль инспекциясынын

органдарында;

3) кыймылсыз мүлкүн - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ор-

гандарда;

4) баалуу кагаздарын, ишканалардагы ага таандык болгон капиталынын

үлүштөрүн - финансы көзөмөлү, аудит жана отчеттуулук боюнча органдарда;

5) кыймылдуу мүлктүн жогоруда аталбаган башка түрлөрүн - жерги-

ликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча баш- каруу органдарынын алдында түзүлгөн комиссияларда.

2. Легалдаштыруунун субъекттери акча каражаттарын, кыймылдуу жана

кыймылсыз мүлкүн легалдаштырганы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөгү бир жолку акы төлөшөт:

1) атайын депозиттик эсепке түшкөн акча каражаттарынын суммасынын

5%ын;

2) декларациялануучу мүлктүн наркынын 5%ын.

3. Легалдаштыруу жөнүндөгү арызды каттоо ушул Мыйзамдын N 1 жана N

2 тиркемелерине ылайык форма боюнча ушул статьянын 1-пунктунда аталган органдарда жүргүзүлөт.

4. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган органдар легалдаштыруу субъ-

ектинин акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн легалдашты- руу жөнүндөгү арызын кабыл алууга жана легалдаштыруу үчүн бир жолку акы төлөнгөндөн кийин арызынын каттоого алынганын тастыктоочу документ берүүгө милдеттүү.

5. Укук коргоо, сот жана башка органдар (Кыргыз Республикасынын

Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын кызматы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жо- горку соту, Кыргыз Республикасынын Бањгизаттарга контроль боюнча мамле- кеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Коррупциянын алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттиги) ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 күндүн ичинде тийиштүү органдарга (банктарга жана финансы-кредит мекемелерине, мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдарына, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдарга, финансы көзөмөлү, аудит жана от- четтуулук боюнча органдарга) жана жергиликтүү комиссияларга ушул Мый- замдын 3-статьясында каралган учурларга туура келүүчү адамдар жөнүндө маалыматтарды берет.

6. Банктар жана финансы-кредит мекемелери, мамлекеттик автомобиль

инспекциясынын органдары, финансы көзөмөлү, аудит жана отчеттуулук бо- юнча органдар легалдаштыруунун субъекттери тарабынан берилген маалымат- тардын жана ушул статьянын 5-пунктунда аталган органдардан алынган маа- лыматтардын негизинде акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк- тү легалдаштыруу тууралу же легалдаштыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарышат.

7. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдар кыймылсыз

мүлктү легалдаштырууга документтерди жергиликтүү комиссиялардын кароо- суна беришет.

8. Акча каражаттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ушул статьянын

1-пунктунда аталган органдар же Комиссия тарабынан аларды легалдаштыруу жөнүндө чечим чыгарылган учурдан тартып легалдаштырылды деп таанылат. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган органдар же Комиссия чечим чы- гарылгандан кийин тийиштүү салык органдарына акча каражаттарын, кыймыл- дуу жана кыймылсыз мүлкүн легалдаштырган субъекттер боюнча маалыматтар- ды беришет.

9. Легалдаштыруунун субъекттерине объектти легалдаштыруу мезгили

аяктагандан жана легалдаштыруу жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин ушул статьянын 1-пунктунда аталган органдар же Комиссия акча каражаттарынын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн легалдаштырылганы жөнүндө легалдашты- руунун статусун тастыктоочу документ берет.

10. Талаш маселелер келип чыккан учурда акча каражаттарын, кыймыл-

дуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу тууралу же болбосо легалдашты- руудан баш тартуу жөнүндө акыркы чечимди республикалык комиссия чыга- рат.

11. Акча каражаттарынын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүнүн легал-

даштырылгандыгы жөнүндөгү чечимди алган легалдаштыруу субъекттери Кыр- гыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык бир эле учурда легалдаш- тыруу объектинин наркын жылдык кирешенин жыйындысына кошуп жана жылдык кирешенин жыйындысынан чыгарып салып, жылдык жалпы кирешеси жөнүндөгү декларацияны салык органдарына, ал эми мамлекеттик муниципалдык кызмат- чылар да Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агент- тигине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иште- ри боюнча улуттук агенттигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел- гиленген тартипте кирешеси жана мүлкү жөнүндөгү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

12. Комиссиянын курамы жана иштеши жөнүндөгү жобо Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

13. Легалдаштырылды деген статус алган объекттер ушул Мыйзамга

ылайык мыйзамдуу жол менен сатып алынган деп таанылат.

14. Легалдаштыруунун субъекттери легалдаштыруу жөнүндөгү чечимди

алгандан кийин легалдаштыруу үчүн берилген акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн өз алдынча тескөөгө укуктуу.

15. Легалдаштыруу жол-жобосунан өткөн акча каражаттары легалдашты-

рылган күндөн тартып бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары которулбоого тийиш. (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202167/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202167/st-6)
