# 12-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202167)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-августундагы № 134 "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 134
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202167/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3606/edition/766751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202167/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралу, 12-статья (23.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202167/st-12

---

1. Мамлекеттик органдардын, банктардын жана финансы-кредит мекеме-

леринин кызмат адамдарынын легалдаштыруу объектине легалдаштыруу стату- сунун берилишине тоскоолдук кылган аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылууга тийиш.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып жана күчү токтотулганга

чейин тийиштүү органдардын маалымкатынын негизинде Кыргыз Республикасы- нын аймагына четөлкөлүк валютаны алып келүүгө бардык алымдар жоюлат жа- на акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн легалдаштыруу жө- нүндө арыз берген субъекттер үчүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө бол- гон укукту мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) үчүн легалдаштырылуучу мүлктүн бардык түрлөрүнө жыйымдар боюнча нөлдүк ставка колдонулат.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулган мезгили аяктагандан кийин мамлекет

акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруудан баш тартуу жагдайларын мөөнөтсүз текшерүү укугун өзүндө калтырат, ал эми экономикалык иштен алынган кирешелер, анын ичинде башка адамдарга жол-жоболоштурулган мүлк соттун чечиминин негизинде бюджетке алынат.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202167/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202167/st-13)
