1-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 23.12.2016 редакциясы
Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу - банктардын, финансы-кредит мекемелеринин, мамлекеттик мекемелердин, са- лык жана дагы башка органдардын, жеке адамдарды да кошкондо, легалдаш- тырылуучу объектиге аны декларациялоонун натыйжасында мыйзамдуу статус берүү боюнча биргелешкен иштери. Легалдаштыруу объекти - ар кандай валютадагы акча каражаттары (банк депозиттери), Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын чегинен тышкары жайгашкан кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, мүлк укуктары, экономикалык иштен алынган, мурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте декларацияланбаган экономикалык пайда. Кыймылдуу мүлк - транспорт каражаттары, акча каражаттары (улуттук жана четөлкөлүк валютада), баалуу кагаздар, ишканалардагы капиталды ле- галдаштыруунун субъектине таандык болгон үлүшү, кымбат баалуу жана жа- рым-жартылай кымбат баалуу металлдардан, асыл таштардан жана таштардан жасалган зер буюмдары, үй жаныбарлары, анчалык баалуу эмес башка жан- дыктар жана юридикалык жактарга карата финансы жана башка мүлктүк та- лаптар, ошондой эле маданий нарк-насили бар мүлк жана Кыргыз Республи- касынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ошондой деп таанылган табе- рик буюмдар. Кыймылсыз мүлк (козголбос) - жер участоктору, жер казынасынын участоктору, өзгөчөлөнгөн суу объекттери жана жер менен тыгыз байланыш- кандардын, алардын которулушу аларды пайдалангандагыга шайкеш келбеген чыгашаларсыз болбой тургандардын баары, анын ичинде токойлор, көп жыл- дык өсүмдүктөр, имараттар, курулуштар жана башкалар. Легалдаштыруунун субъекти - тийиштүү органдарга легалдаштырыла турган объектилеринин бар экендиги жөнүндө билдирген, Кыргыз Республи- касында, ошондой эле анын чегинен тышкары жерде кирешеси бар Кыргыз Республикасынын жарандары; чет өлкөлүк жарандар; аларга тете юридикалык жактар. Башка жак - легалдаштыруу объектине эч кандай тиешеси жок, бирок башка бирөөнүн жашырып жүргөн мүлкүн каттатуу же каттоо жөнүндө уюшту- руучунун же ыйгарым укуктуу адамдын атына эмес, жаап-жашырып өзүнүн атына мыйзамсыз күбөлүктү жол-жоболоштуруу жолу менен арзыбаган жаран- дык-укуктук бүтүмдөрдү жасаган Кыргыз Республикасынын жарандары; чет өлкөлүк жарандар; аларга тете юридикалык жактар. Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) - мамлекеттик органдардын өкүл- дөрүнөн турган, ээлик кылуу укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулбаган акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймыл- сыз мүлктү легалдаштыруу тууралу же легалдаштыруудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгаруу ыйгарым укугу берилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү та- рабынан түзүлүүчү республикалык комиссия жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлүүчү жергиликтүү комиссиялар. Экономикалык иш - легалдаштыруу субъектинин товарларды (жумуштар- ды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана (же) сатуу боюнча өзалдынча иши, ошондой эле иштин натыйжасына карабастан, киреше (пайда) алууну көздө- гөн ар кандай башка иш.
Берененин тексти 23.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-октябрындагы №545 "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" Кыргыз…Постановление · 02.10.2008 · № 545 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202167/st-1" title="1-статья - Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>