# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №130 "Адмнистрациялык жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №130 "Адмнистрациялык жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3602/edition/329328/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №130 "Адмнистрациялык жоопкерчилик тууралуу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамы (31.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202163

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2007-жылдын 31-июлу № 130

Администрациялык жоопкерчилик тууралу Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202163/st-1)

Администрациялык жоопкерчилик тууралу Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 614-статьяда: экинчи абзацтын 3-пунктундагы "республикалык бюджетине" деген сөздөр "республикалык жана жергиликтүү бюджеттерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 3-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү жана алардын кызмат адамдары тарабынан ушул Кодекске ылайык алынган айыптардын суммасынын өлчөмүнүн 50% республикалык бюджетке жана 50% жергиликтүү бюджетке чегерилет."; үчүнчү жана төртүнчү абзацтар тийиштүүлүгүнө жараша төртүнчү жана бешинчи абзацтар деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202163/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202163/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2007-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
