# Закон КР от 31 июля 2007 года № 129 " О внесении дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3601/edition/855597/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 31 июля 2007 года № 129 " О внесении дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики" (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202162

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2007-жылдын 31-июлу № 129

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202162/st-1)

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

1. 29-глава төмөнкүдөй мазмундагы 295-1-статья менен толукталсын:

"295-1-статья. Сепаратисттик ишмердүүлүк (1) Сепаратисттик ишмердүүлүк - бул мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, анын ичинде андан аймактын бөлүгүн ажыратууга же мамлекетти басып алуу жолу менен дезинтеграциялоого багытталган жосун, ошого тете ушул сыяктуу жосунду пландаштыруу жана даярдоо, аны жасоого көмөк көрсөтүү, ага азгыруу, ага тете сепаратисттик ишмердүүлүктү жүргүзүүгө байланыштуу ишин токтотуу тууралу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген коомдук же диний бирикмелердин, болбосо башка уюмдун ишин жандандыруу, уюштуруу, жетектөө, аларга катышуу, - ондон он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202162/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202162/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2007-жылдын 19-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
