# КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 17-апрелиндегит № 49 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 17-апрелиндегит № 49 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20216>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1241/edition/429309/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20216.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 17-апрелиндегит № 49 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (17.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20216

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 17-апрели № 49 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун датасын дайындоо жөнүндө” ПЖ № 75 Жарлыгынын 2,3,4-пункттарына, жана “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облусттарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 26-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасы 15 475 400 (он беш миллион төрт жүз жетимиш беш миң төрт жүз) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д. Абдраимовго жүктөлсүн.

Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу

Г. Джурабаева
