# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 124"Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 124"Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 124
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3596/edition/329322/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы № 124"Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы (31.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202157

---

Бишкек шаары

2007-жылдын 31-июлу № 124

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу

максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын

персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү

жана толуктоолор киргизүү тууралу

2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202157/st-1)

"Милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында

Кыргыз Республикасынын жарандарын персондоштуруп (жеке) эсепке алуу жө-

нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана

толуктоолор киргизилсин:

17-статьяда:

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп

(жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында зарыл болгон маалымдоо-

лорду белгиленген мөөнөттөрдө бербегендиги, толук эмес жана (же) так-

талбаган маалыматтарды бергендиги үчүн жаза чарасы катары каржылык сан-

кция колдонулат:

жумуш берүүчүлөргө - отчеттук жылда чегерилген жалпы камсызданды-

руу төлөмдөрүнүн 5 пайызы өлчөмүндө;

камсыздандыруу төлөмдөрүн өз алдынча төлөгөн жарандарга - отчеттук

жылда чегерилген жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 25 пайызы өлчөмүн-

дө.";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-6-бөлүктөр менен толукталсын:

"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда персондоштуруп

(жеке) эсепке алууну жүзөгө ашыруу максатында берилген маалымдоолордо

тартип бузуулар аныкталганда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун

аймактык органдары төлөөчүлөргө аныкталган тартип бузууларды четтетүү

жөнүндө билдирүү жиберет.

Төгүм төлөөчүлөр билдирүүдө көрсөтүлгөн талаптарды билдирүү алын-

ган учурдан тартып 15 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө четтетүүгө тий-

иш. Талаптар билдирүүдө белгиленген мөөнөттөрдө четтетилбеген учурда

төлөөчүлөргө ушул статьяда каралган каржылык санкциялар колдонулат.

Белгиленген сумманы өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Социалдык

фондунун органдары тарабынан талашсыз тартипте жүргүзүлөт.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202157/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
