# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №123 " Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансы санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №123 " Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансы санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3595/edition/329321/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №123 " Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансы санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу жөнүндө" мыйзамы (31.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202156

---

Бишкек шаары

2007-жылдын 31-июлу №123

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү

камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же)

толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансы

санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу

жөнүндө

2007-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамы мамлекеттик социалдык камсыз-

дандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн финансы-эконо-

микалык абалын турукташтырууга жана колдоого, алардын өткөн жылдардагы

камсыздандыруу акылары боюнча карыздарын алда канча толугураак тындыру-

уга, утурумдук төлөмдөрдү өз убагында төлөгөнгө кызыгуусуна дем

берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети-

нин тењ салмактуулугун жакшыртууга багытталган.

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202156/st-1)

1. 2007-жылдын 1-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасы-

нын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы бар

мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн

төлөөчүлөргө жана 2007-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүм-

дөрү боюнча утурумдук төлөмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө төлөө-

чүлөргө камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же) толук төлөбө-

гөндүгү үчүн финансы санкциялары жана туумдар төмөнкүдөй көлөмдөрдө жа-

на учурларда жоюлат:

1) кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туумдардын 100

пайызы - 2007-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүм-

дөрү боюнча негизги карыздарын толук төлөгөндө;

2) кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туумдардын 50 пай-

ызы - 2007-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдө-

рү боюнча негизги карыздарын толук төлөгөндө;

3) бириккен дыйкан чарбаларынан, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра

иштетүүчү ишканалардан финансы санкциялары жана туумдар 2008-жылдын

1-январына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги ка-

рыздарын толук төлөгөн учурда 100 пайыз көлөмүндө жоюлат.

2. 2007-жылдын 1-январына карата карызы бар камсыздандыруу төгүм-

дөрүн төлөөчүлөргө кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туум-

дардын 30 пайызын 2007-жылдын 1-июлуна чейин төлөгөн шартта гана финан-

сы санкцияларынын жана туумдардын калган бөлүгү жоюлат.

3. 2007-жылдын 1-январына карата абал боюнча карызы бар жана

2007-жылдын утурумдук төлөмдөрү боюнча карыздын түзүлүшүнө жол берген

мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн

төлөөчүлөргө ушул статьянын 1-пунктунун жобосу 2007-жыл үчүн камсыздан-

дыруу төгүмдөрүн, финансы санкцияларын жана туумдарды толук төлөгөн

учурда гана колдонулат.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202156/st-2)

1. Укук мураскорлугунун тартибинде укуктарын жана милдеттерин баш-

ка жактарга өткөрүп бербестен өзүн-өзү жоюп жиберген ишканалардын, ме-

кемелердин, колхоз/совхоздордун финансы санкциялары жана туумдары боюн-

ча түњүлткөн дебитордук карыздары жоюлсун.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна карыздарын төлөбөстөн

кудуретсиздик процессинин жол-жобосун аяктаган камсыздандыруу төгүмдө-

рүн төлөөчүлөрдүн финансы санкциялары жана туумдары боюнча түњүлткөн

дебитордук карыздары жоюлсун.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202156/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана

2007-жыл ичинде колдонулат.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
