# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202154)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №121 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 121
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202154/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3593/edition/329319/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202154/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 1-статья (31.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202154/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 6, 80-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Кодекстин бардык тексти боюнча "камкордук жана көзөмөлдүк орга-

ны" деген сөздөр тийиштүү сандарда жана жөндөмөлөрдө "Үй-бүлөнү жана

балдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 69-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Райондук мамлекеттик администрациялардын же болбосо жергилик-

түү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдында түзүлгөн бал-

дардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистеш-

тирилген түзүмдүк бөлүмдөр үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм-

дөр деп эсептелет.".

3. 70-статьянын 1-пунктунда "аталган органдарга" деген сөздөр

"аталган бөлүмдөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 73-статьянын 1-пунктундагы биринчи сүйлөмдөгү жана 78-статьянын

1-пунктунун биринчи абзацындагы "бул орган тарабынан" деген сөздөр "бул

Бөлүм тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 86-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Жамааттык уюмдарды каттоо маселелери тийиштүү мыйзамдар менен

жөнгө салынат.";

экинчи жана үчүнчү абзацтар ылайыгына жараша үчүнчү жана төртүнчү

абзацтар деп эсептелсин.

6. 152-статьянын 3-бөлүгүндөгү "Кооперация жөнүндө" деген сөздөр

"Кооперативдер жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 153-статьянын экинчи сүйлөмүндөгү "үч" деген сөз "жети" деген

сөзгө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202154/st-2)
