# Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №120 "1 жана 2-камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №120 "1 жана 2-камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 120
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.10.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3592/edition/344694/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 31-июлундагы №120 "1 жана 2-камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө" мыйзамы (12.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202153

---

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-октябрындагы № 266 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2007-жылдын 31-июлу №120

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1 жана 2-камбарата гидроэлектростанцияларын

куруу жана пайдалануу жөнүндө

2007-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанциялары Кыргыз Республикасы

үчүн стратегиялык зор мааниге ээ.

Ушул Мыйзам 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларынын курулу-

шун бүтүрүүнүн жана пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин

аныктайт.

### [1-статья. 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана](https://aqlex.ai/kg/doc/202153/st-1)

пайдалануу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу

жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын

Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын дагы башка

ченемдик укуктук актыларына негизденет.

### [2-статья. 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруунун](https://aqlex.ai/kg/doc/202153/st-2)

жана пайдалануунун шарттары

Курулушу толук бүткөрүлө элек 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростан-

циялары концессияга берилиши же жањыдан түзүлө турган чарба субъектинин

уставдык капиталына уюштуруучу төгүм катары киргизилиши мүмкүн.

1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларынын курулушун бүткөрүү

үчүн жањыдан түзүлө турган чарба субъектинин уставдык капиталындагы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлүшүнүн сатылышы, Кыргыз Республи-

касынын тышкы карыздарын тындыруунун эсебине алмаштырылышы мүмкүн эмес,

ажыратуунун ар кандай түрүнө берүүгө жана өзгөртүүгө жатпайт.

Концессиялык макулдашуунун же 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростан-

цияларынын жањыдан түзүлө турган чарба субъектинин уставдык капиталына

уюштуруучу төгүм катары киргизүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењеши менен макулдашылууга тийиш.

1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу

боюнча чарба субъектисинде түзүлө турган башкаруу органынын сандык ку-

рамы уставдык капиталдагы үлүштөргө пропорционалдуу түрдө түзүлөт.

Аталган объекттер боюнча инвестициялык келишимди иштеп чыгууда жа-

на конкурс (тендер) өткөрүүдө комиссиялардын курамына Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин депутаттары киргизилүүгө тийиш.

### [3-статья. Суу ресурстарын пайдалануу режими](https://aqlex.ai/kg/doc/202153/st-3)

Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарын пайдалануунун режими Кыр-

гыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү тарабынан жана мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген эларалык

келишимдер менен аныкталат.

Нарын каскадындагы объекттердин - Камбарата 1 жана 2нин, Токтогул

суу сактагычынын өзгөчө маанисин эске алып, андагы суу ресурстарын пай-

далануунун режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Курган учурда, пайдаланганда, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы

суу чарба курулмалар менен дагы башка жарандык укуктук бүтүмдөрдү

түзгөн учурда тиешелүү келишимде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-

нан аныктала турган Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдалануу-

нун режимин сактоонун шарттары каралууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдалануунун режиминин

шарттарын сактоо жөнүндөгү талаптар камтылбаган макулдашуулар менен ке-

лишимдер жараксыз деп эсептелинет.

### [4-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик](https://aqlex.ai/kg/doc/202153/st-4)

Ушул Мыйзамдын жоболорунун бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

### [5-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши](https://aqlex.ai/kg/doc/202153/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө:

өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жана чечимдерин ушул Мыйзамга

ылайык келтирсин;

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга

ылайык келтирүү жөнүндөгү сунушту даярдасын жана Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин кароосуна берсин.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
