# 7-статья. Салттуу билимдерди укуктук коргоо

- Документ: [Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202149)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"](https://aqlex.ai/kg/doc/111222); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149#diff=1241686..1241687>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3589/edition/1241682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202149/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө, 7-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-7

---

Адам ишмердүүлүгүнүн тигил же бул чөйрөсүндө иш жүзүндө колдонулуучу жана алар колдонулган чөйрөдө жакшы натыйжа берген салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулат. Адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, ошондой эле курчап турган чөйрөгө чыныгы же кыйыр түрдө залал келтире турган салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулбайт. Салттуу билимдерди укуктук коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каттоонун же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө киришинин негизинде келип чыгат. Салттуу билимдер салттуу билимдердин ээлери болуп эсептелишкендердин менчик формасына карабастан, бир же бир нече юридикалык же жеке жактар тарабынан катталышы мүмкүн. Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди коргоо максатында, аларды маалымат базасына киргизүү, салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөр мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан берилиши мүмкүн. Мамлекеттик органдарга жана мекемелерге салттуу билимдерди каттоонун жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди каттоо мөөнөтсүз. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-8)
