# 6-статья. Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгү

- Документ: [Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202149)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"](https://aqlex.ai/kg/doc/111222)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149#diff=1241683..1241684>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3589/edition/1241682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202149/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө, 6-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-6

---

Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктары белгилүү жердеги салттуу билимдердин ээлери түзгөн жеке жана/же юридикалык жактардын коомдук уюмунун уставынын жана мамлекеттик каттоонун негизинде иштеген ушундай коомдук уюм тарабынан өкүлдөнүшү мүмкүн. Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарына жеке жана юридикалык жактардын өздөрү, ошондой эле алар тарабынан аныкталуучу өкүлдөр да өкүлчүлүк кылышы мүмкүн. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн ушул Мыйзамга ылайык өздөрүнүн расмий өкүлдөрү аркылуу ишке ашырууга укуктуу. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана салттуу билимдерди укуктук коргоого таандык болгон башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-7)
