6-статья. Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарынын өкүлчүлүгү
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2015 года № 178
Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктары белгилүү жердеги салттуу билимдердин ээлери түзгөн жеке жана/же юридикалык жактардын коомдук уюмунун уставынын жана мамлекеттик каттоонун негизинде иштеген ушундай коомдук уюм тарабынан өкүлдөнүшү мүмкүн. Салттуу билимдердин ээлеринин кызыкчылыктарына жеке жана юридикалык жактардын өздөрү, ошондой эле алар тарабынан аныкталуучу өкүлдөр да өкүлчүлүк кылышы мүмкүн. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн ушул Мыйзамга ылайык өздөрүнүн расмий өкүлдөрү аркылуу ишке ашырууга укуктуу. Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамда жана салттуу билимдерди укуктук коргоого таандык болгон башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган укуктарды Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары менен бирдей пайдаланышат. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202149/st-6" title="6-статья - Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>