# 3-статья. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары жана милдеттери

- Документ: [Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202149)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149#diff=1241684..1241685>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3589/edition/1241682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202149/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө, 3-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-3

---

Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары салттуу билимдерди укуктук коргоо, сактоо жана адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында кеңири колдонууга, салттуу билимдерди, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүндө генетикалык ресурстарда негизделгендерди пайдаланууга көмөктөшүү, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжасында өндүрүлгөн объектилерди андан ары коммерциялаштыруу болуп саналат. Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуу буларды камтыйт:

1) салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди укук ченемдүү эмес патенттөөдөн салттуу билимдерди коргоо жана генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдерди маалымат базаларына киргизүү аркылуу алдын-ала механизмди түзүү;

2) салттуу билимдерди жергиликтүү шериктештиктин пайдалануусунан алынган пайданы акыйкат бөлүштүрүү;

3) салттуу билимдерди пайдалануудан жана генетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган каражаттан жергиликтүү шериктештиктерди өнүктүрүү үчүн фондуну түзүү;

4) (КР 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) салттуу билимдер жана иш жүзүндө колдонуу мүмкүнчүлүгүнө карата болгон генетикалык ресурстар боюнча илимий изилдөөлөрдү өткөрүү, анын ичинде:

- айлана-чөйрөнү коргоого олуттуу салым киргизе ала турган генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдердин тармагында изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөө;

- генетикалык ресурстарды пайдалануунун жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;

- Кыргыз Республикасынын аймагында салттуу билимдерди инвентаризациялоо максатында изилдөө иштерин өткөрүү;

- жалпыга белгилүү жана кеңири колдонулуучу салттуу билимдерди белгилөө.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-4)
