# 2-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202149)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"](https://aqlex.ai/kg/doc/111222)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"](https://aqlex.ai/kg/doc/111222); 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149#diff=1241683..1241684>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3589/edition/1241682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202149/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө, 2-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-2

---

салттуу билимдер - убакыттын өтүшү менен, белгилүү бир тартипте жана мааниде, бир муундан экинчи муунга өтүп, адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү тармактарында колдонулуучу билимдер, усулдар жана ыкмалар; салттуу билимдердин ээлери - салттуу билимдерге ээ болушкан, уюштуруучу укуктук формасы жана менчигинин түрү ар кандай жергиликтүү шериктештиктер, жеке жана юридикалык жактар; жергиликтүү шериктештик - административдик-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жыйындысы; генетикалык ресурстар - ал өзүнө салттуу билимдердин ээлери ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө белгилүү иш натыйжаларын алуу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон, жердеги жана сууда жана башка жакта болуучу бүткүл жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн камтыйт. фонд - ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдүн негизинде жеке жана юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү же башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн мүчөлүгү болбогон уюм. (КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-1-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-3)
