# 17-статья. Салттуу билимдерди пайдалануу

- Документ: [Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202149)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149#diff=1241686..1241687>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3589/edition/1241682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202149/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө, 17-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-17

---

Салттуу билимдерди жана аларды камтыган жана алардын негизинде түзүлгөн объектилерди пайдалануу деп аларды даярдоо, колдонуу, ташып келүү, таратуу, сатууга сунуштоо, сатуу жана чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максаттарда сактоо таанылат. Салттуу билимдерди мыйзамсыз пайдалануу деп салттуу билимдердин ээлери менен келишим түзбөстөн коммерциялык максат менен өндүрүштө пайдалануу таанылат. Салттуу билимдер булактарын көрсөтүү менен билим берүү жана илимий-изилдөө максаттарында, ошондой эле дээрлик жеке максаттарда пайдаланыла турган болсо аны салттуу билимдердин ээсинен макулдук албастан пайдаланууга жол берилет. Катталган салттуу билимдерди күбөлүк ээлери пайдаланбаган же жетишсиз пайдаланган учурда, күбөлүк берилген күндөн тартып, үч жылдын ичинде корголгон салттуу билимдерди пайдаланууну каалаган кайсы жак болбосун, эгер ушул жак менен түзүлгөн практикага ылайык шарттарда салттуу билимдерди пайдаланууга күбөлүктүн ээси келишим түзүүдөн баш тартса, салттуу билимдерди пайдаланууга ага уруксат берүү жөнүндөгү доо менен сотко кайрылууга укуктуу. Эгер күбөлүк ээси салттуу билимдерди пайдаланбагандыгы же жетишсиз пайдалангандыгы жүйөлүү себептер менен шартталгандыгын аныктап бере албаган учурда, сот пайдалануунун ченемдерин, өлчөмүн, мөөнөтүн жана төлөмдөрдүн тартибин белгилөө менен уруксат берет. Салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү практикада түзүлгөнгө ылайык белгилениши керек. Өзгөчө кырдаалдарда (күтүлбөгөн кырсыктар, катастрофалар, ири авариялар), ошондой эле улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети күбөлүк ээсине өлчөмдөш компенсация төлөө менен салттуу билимдерди пайдаланууга уруксат берүүгө укугу бар; мында салттуу билимдерди пайдалануунун көлөмү жана пайдалануунун узактыгы аларга уруксат берилген максаттар менен чектелет. Ушундай пайдалануудан келип чыккан талаш-тартыштар сот аркылуу чечилет. (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-18)
