# 14-статья. Салттуу билимдерди пайдаланууга келишим

- Документ: [Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202149)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.05.2018 [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788); 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"](https://aqlex.ai/kg/doc/111222)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149#diff=1241684..1241685>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3589/edition/1241682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202149/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө, 14-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-14

---

Салттуу билимдин ээси болбогон жакка ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталган салттуу билимдин пайдалануу укугу аны менен салттуу билимдин ээсинин ортосунда келишим түзүлгөн шартта берилиши мүмкүн. Келишим боюнча салттуу билимдин ээси экинчи жакка салттуу билимди пайдалануу укугун келишимде макулдашылган көлөмдө, мөөнөттө, аймакта жана төлөө тартибинде берет. Келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Келишим белгиленген алымды төлөөнү жүзөгө ашыруу шартында катталууга жатат. Келишимде салттуу билимди пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондусуна төлөмдөрдү чегерүү жөнүндө жобо милдеттүү түрдө каралышы керек. Мында келишимде каралган салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондуна төлөмдөрдү чегерүү жыйырма пайыздан кем эмести түзүүгө тийиш. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-15)
