14-статья. Салттуу билимдерди пайдаланууга келишим
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 мая 2018 года № 55
Салттуу билимдин ээси болбогон жакка ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталган салттуу билимдин пайдалануу укугу аны менен салттуу билимдин ээсинин ортосунда келишим түзүлгөн шартта берилиши мүмкүн. Келишим боюнча салттуу билимдин ээси экинчи жакка салттуу билимди пайдалануу укугун келишимде макулдашылган көлөмдө, мөөнөттө, аймакта жана төлөө тартибинде берет. Келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Келишим белгиленген алымды төлөөнү жүзөгө ашыруу шартында катталууга жатат. Келишимде салттуу билимди пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондусуна төлөмдөрдү чегерүү жөнүндө жобо милдеттүү түрдө каралышы керек. Мында келишимде каралган салттуу билимдерди пайдалангандыгы үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондуна төлөмдөрдү чегерүү жыйырма пайыздан кем эмести түзүүгө тийиш. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2018-жылдын 26-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202149/st-14" title="14-статья - Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>