# 11-статья. Салттуу билимдерди каттоо жана күбөлүк берүү

- Документ: [Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202149)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 20.07.2015 [Закон КР от 20 июля 2015 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об охране традиционных знаний"](https://aqlex.ai/kg/doc/111222)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149#diff=1241686..1241687>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3589/edition/1241682/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202149/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө, 11-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-11

---

Салттуу билимдерди каттоо жана маалыматтарды киргизүү алым төлөнгөн шартта оң чечимдин негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) салттуу билимдерди колдонуу укугун каттоо же берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү тартиби жана анын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Салттуу билимдин ээлеринин каалоосу боюнча Реестрге киргизилген салттуу билимдерди каттоого таандык болгон маалыматтар Реестрге киргизилген датадан тартып үч айдын ичинде расмий бюллетенге жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Жарым-жартылай жарыялануучу же жарыяланбоочу салттуу билимдер купуялуулук режиминде сакталат. Алым өтүнмө ээси салттуу билимди каттоо жана/же аны пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечимди алган датадан тартып эки айдын ичинде төлөнөт. Салттуу билим кимдин атына катталса жана/же салттуу билимди пайдалануу укугу кимге берилсе ошол өтүнмө ээлерине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк белгиленген тартипте берилет. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет. Күбөлүк берүү расмий бюллетенде жарыялангандан кийин эки айдын ичинде жүргүзүлөт. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-12)
