# 1-1-статья. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары

- Документ: [Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202149)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 116
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-1-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3589/edition/1241682/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө, 1-1-статья (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-1-1

---

Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат. Ушул Мыйзам салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди, анын ичинде өлкөнү андан ары туруктуу өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый мурасы жана кенчи болуп саналган салттуу билимдерди пайдалануудан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган генетикалык ресурстарды (мындан ары - салттуу билимдер) пайдалануу менен салттуу билимдерди бекемдейт. (КР 2015-жылдын 20-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-1)  
Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202149/st-2)
