# 8-статья. Денатураланган этил спиртин жана спирттүү азык эмес

- Документ: [Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202131)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июлундагы № 98 "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 октября 2009 года № 269 "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3571/edition/356562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202131/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 8-статья (13.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-8

---

продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө коюлчу талаптар

1. Этил спирти жана азык эмес спирттүү продукция аларды өндүрүүчү

уюмдун тандоосу боюнча төмөнкүдөй денатуралоочу заттар же алардын ара- лашмалары болгон шартта денатураланды деп эсептелет.

1) керосин же бензин этил спиртинин көлөмүнүн 0,5 пайызынан кем

эмес концентрацияда;

2) денатониум бензонат (битрекс) спирттин салмагынын 0,0015 пайы-

зынан кем эмес концентрацияда;

3) кротондуу альдегид спирттин көлөмүнүн 0,2 пайызынан кем эмес

концентрацияда.

2. Эгер этил спиртин жасоо процессинде табигый аралашма түрүндөгү

денатуралачу заттар ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген концентраци- ядан кем эмес концентрацияда пайда болсо, этил спиртин өндүрүү жана жү- гүртүү ушул Мыйзамда денатурат өндүрүү жана жүгүртүү үчүн белгиленген тартипте жөнгө салынат.

3. Этил спирти жана ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн денату-

ралачу заттары бар спирттүү азык эмес продукцияны денатуралоо процесси- не мамлекеттик контролдун тартибин, ошондой эле денатуратты же денату- раланган спирттүү продукцияны пайдалануунун тартибин Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү аныктайт.

4. Чекене сатыла турган спирттүү азык эмес продукциянын этикетка-

ларында спирттүү азык эмес продукцияны тамак-аш катары колдонууга бол- бостугу жөнүндө маалымат болууга тийиш (мында денатураланган спирттүү продукцияда "этил спирт" деген сөздүн ордуна "денатурат" деген сөз жа- зылууга тийиш). Бул маалымат этикетканын бетине жазылууга жана аянпъш 10 пайыздан кем эмесин ээлөөгө тийиш (парфюмердик-косметикалык продук- циянын этикеткасынан башкаларда).

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-9)
