# 5-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын

- Документ: [Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202131)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июлундагы № 98 "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 октября 2009 года № 269 "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3571/edition/356562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202131/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 5-статья (13.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-5

---

этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жагындагы ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын этил спир- тин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жагындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: этил спиртине, алкогол жана спирттүү продукцияга коюлуучу бааларды жөнгө салуу; этил спиртинин, алкогол жана спирттүү продукциянын экспортун, им- портун жөнгө салуу; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө, жүгүр- түүгө, сапатына жана коопсуздугуна, этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жагындагы мыйзамдардын жана лицензияларда каралган шарттардын сакталышына мамлекеттик контролду уюштуруу жана жүргүзүү; Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана сатылуучу алко- гол продукциясын акциздик маркалар менен милдеттүү маркалоону киргизүү; акцизделчү продукциянын түрлөрүн, этил спиртине, алкогол жана спирттүү продукцияга коюлуучу акциздердин ставкаларын белгилөө; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү- гүртүү жагындагы улуттук стандарттарды белгилөө жана техникалык регла- менттерди бекитүү; лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүн, этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензияларды бе- рүүнүн тартибин аныктоо, ошондой эле этил спиртин, алкогол жана спирт- түү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензияларды берүү; этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензиялардын мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү- гүртүү жагындагы мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштуруу жана ишке ашыруу; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияларды тапшыруунун тартибин, ошон- дой эле аткаруучу бийликтин мамлекеттик статистика чөйрөсүндө тармактар аралык координациялоо жана иш-милдет жагынан жөнгө салууну жүзөгө ашы- руучу мамлекеттик органга алкогол продукциясын чекене сатуунун көлөмү жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилөө; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны керектөөчүлөрдүн ден соолугун жана укуктарын коргоо боюнча чаралардын комплексин белги- лөө, анын ичинде алкогол жана спирттүү азыктык продукцияны сатып алуу- га, сактоого жана берүүгө лицензиясы бар уюмдарды аккредитациялоонун бирдей тартибин белгилөө; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны сертификаттоонун тартибин белгилөө; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү- гүртүү үчүн негизги технологиялык жабдууну сертификаттоонун тартибин белгилөө, ошондой эле ушундай жабдуунун түрлөрүнүн тизмегин бекитүү; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү- гүртүү жагындагы мамлекеттик максаттуу программаларды, ошондой эле ый- мансыз атаандаштыкты жоюуга, айлана-чөйрөнүн корголушун камсыздоого ба- гытталган чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу; спирттүү продукцияда этил спиртинин болушунун максималдуу чегин белгилөө; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмүн эсепке алуучу мамлекеттик автоматташкан бирдиктүү маалымат системасын бул көрсөтүлгөн продукцияны жасоонун жана жүгүртүү- нүн көлөмүн мамлекеттик контролдоо үчүн киргизүү (мындан ары мамлекет- тик бирдиктүү автоматташкан маалымат системасы); алкогол продукциясын чекене сатууну лицензиялоонун жана лицензия берүүнүн тартибин аныктоо, берилген, иштетилиши убактылуу токтотулган жана кайра алынган лицензиялардын мамлекеттик каттоосун жүргүзүү; алкогол продукциясын чекене сатууга декларация киргизүү жана алко- гол продукциясын чекене сатуу жөнүндө декларацияларды тапшыруунун тар- тибин белгилөө; алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү, жүгүртүүнү жөнгө са- луучу мыйзамдарды, ошондой эле алкогол продукциясын чекене сатууга ли- цензияларда каралган шарттарды уюмдардын аткаруусуна мамлекеттик конт- ролду ишке ашыруу; алкогол жана спирттүү продукцияны жасоонун жана жүгүртүүнүн бирге- лешкен программаларын түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды кирги- зүү; башка мыйзамдар менен Кыргыз Республикасынын кароосуна кирген этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө байланышкан дагы башка маселелер.

II глава Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө коюлуучу талаптар

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-6)
