# 23-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны

- Документ: [Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202131)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июлундагы № 98 "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 октября 2009 года № 269 "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131#diff=356563..356564>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3571/edition/356562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202131/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 23-статья (13.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-23

---

өндүрүү жана жүгүртүү жагындагы чектөөлөр

1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана

жүгүртүү жагында төмөндөгүлөргө тыюу салынат: азыктык эмес чийки заттан жасалган этил спиртин жана алкогол, спирттүү азыктык продукцияны даярдоо үчүн азыктык эмес спирт кошулуучу продукцияны колдонууга; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны (шарапты, шарап материалдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тизмекке ылайык спирттүү азыктык эмес продукцияны кошпогондо) даяр про- дукциядагы суусуз спирттин концентрациясын жана көлөмүн, даяр продукци- янын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык каражаттар менен эсептебей өндүрүү, ошондой эле шарапты жана шарап материалдарды даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык каражаттар менен эсептебей, ошондой эле этил спиртин, алкогол жана спирттүү про- дукциянын көлөмү жөнүндө маалыматты каттоочу жана мамлекеттик бирдиктүү автоматташкан маалымат системасына өткөрүп берүүчү техникалык каражат- тарсыз өндүрүүгө; этил спиртин чекене сатууга; тиешелүү лицензияларсыз этил спиртин, алкогол жана спирттүү про- дукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө; ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык белгиленген коштооч документ- терсиз этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жүгүртүүгө; марка чапталбаган же болбосо шайкеш келүү сертификаты болбогон же болбосо жасалма акциз маркалары чапталган алкогол продукциясын жүгүр- түүгө; техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген идиште ал- когол продукциясын берип турууга; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү үчүн не- гизги технологиялык жабдууларды ижарага берүүгө; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукция алмашуучу товар бо- луп саналса, аны алмашуу келишимдерин түзүүгө. Мындай учурда түзүлгөн келишим жараксыз деп эсептелет; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү же жүгүр- түү көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоого жана (же) белгиленген мөө- нөттөрдө бербөөгө; үй шартында, анын ичинде жеке адамдар тарабынан чыгарылган жана этил спирти бар продукцияны берүүгө жана чекене сатууга; денатуралануучу заттарды жоюу максатында денатураланган этил спир- тин же денатурланган спирттүү продукцияны кайра иштетүү боюнча ар кан- дай технологиялык процесстерди жана операцияларды ишке ашырууга; азыктык эмес чийки заттан этил спиртин чыгарууда азыктык чийки затты пайдаланууга; мамлекеттик статистика чөйрөсүндө тармактар аралык координациялоо- ну жана иш-милдет жагынан жөнгө салууну ишке ашыруучу аткаруу бийлиги- нин мамлекеттик органдарына алкогол продукцияны чекене сатуунун көлөмү жөнүндө маалыматтарды бербестен, алкоголдук продукцияны чекене сатууга; ушул Мыйзамдын 5-статьясынын он алтынчы абзацына ылайык белгилен- ген спирттүү продукцияга этил спиртин максималдуу өлчөмдөн ашыкча кошуу менен спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө; ушул Мыйзамда белгиленген денатуралануучу заттардын тизмегине жана концентрациясына ылайык келбеген денатуралоочу заттарды камтуучу же болбосо денатуратты же денатураланган спирттүү продукцияны колдонуу тартибин бузуу менен аларды өндүрүүгө; азыктык эмес чийки заттан же денатураланган заттардан чыгарылган этил спиртин камтуучу алкогол продукциясын чекене сатууга; ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 3-пунктунда каралган коштоочу доку- менттерсиз алкогол продукцияны чекене сатууга; ушул Мыйзамдын 16-статьясынын 2-пунктунун жана 3-пунктунун биринчи абзацынын талаптарын бузуу менен алкогол продукциясын чекене сатууга; ушул Мыйзамдын 16-статьясынын 4-пунктунда каралган учурларды кош- погондо этил спиртин, ичүүчү этил спиртин чекене сатууга; алкоголдуу продукцияны чекене сатуунун мыйзамда белгиленген эреже- лерин бузууга.

2. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана

жүгүртүү жагында ушул мыйзамда каралган чектөөлөр менен катар башка чектөөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны берип турууга тиешелүү чектөөлөр мыйзам менен гана белгиленет.

3. Ушул мыйзамдын талаптарын бузган юридикалык жактар, кызмат

адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп- керчилик тартышат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-24)
