# 22-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны

- Документ: [Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202131)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июлундагы № 98 "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 октября 2009 года № 269 "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131#diff=356563..356564>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3571/edition/356562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202131/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 22-статья (13.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-22

---

мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып коюу жана конфискациялоо

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берил-

ген органдардын чечимдеринин негизинде этил спиртин, алкогол жана спир- ттүү продукцияны, эгерде алар төмөнкүдөй сатылса, мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып коюуга жол берилет: тиешелүү лицензиясыз; шайкеш келүү сертификатысыз; этил спиртин жана спирттүү продукцияны жүгүртүүнү кошпогондо марка чапталбаган, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда же болбосо жасалма акциз маркалары чапталган учурларда; техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбесе; составында азыктык эмес чийки заттан жасалган же азыктык эмес спирттүү продукцияны кошпогондо, денатуралоочу кошмолору болсо; ээсиз мүлк катары; мындай продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тас- тыктоочу документтери жок болсо.

2. Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү этил спиртин, алкогол жана спирттүү про-

дукцияны конфискациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат

3. Алынып коюлган этил спирти, алкогол жана спирттүү продукция

аларды алып коюну жүргүзгөн органдардын чечиминде көрсөтүлгөн жерлерде сакталат.

4. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиктен

алып коюлган этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны, ошондой эле өзүнүн составында азыктык эмес чийки заттан жасалган этил спиртин камтыган же денатуралоочу кошмолору бар алкогол продукциясы техникалык муктаждыктар үчүн этил спиртине же болбосо азыктык эмес спирттүү про- дукцияга келишимдик негизде кайра иштетилүүгө тийиш. Мындай кайра иште- түүнү жүргүзүүгө мүмкүн болбогондо алынып коюлган этил спирти, алкогол жана спирттүү продукция жок кылынууга тийиш. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-23)
