# 19-статья. Лицензиянын колдонулушун убактылуу токтотуу, калыбына

- Документ: [Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202131)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июлундагы № 98 "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 октября 2009 года № 269 "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131#diff=356563..356564>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3571/edition/356562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202131/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 19-статья (13.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-19

---

келтирүү, биротоло токтотуу жана кайра алып коюу

1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана

жүгүртүүгө лицензиянын колдонулушу ушул Мыйзамдын сакталышына контрол- дук жана көзөмөл жүргүзгөн органдар тарабынан берилген материалдардын негизинде лицензиялоочу органдын чечими менен, ошондой эле анын компе- тенциясынын чегинде лицензиялоочу органдын өзүнүн демилгеси боюнча тө- мөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн: лицензиялоочу органдын лицензияны колдонуу шарттары бузулуп колдо- нулуп жаткан учурлар четтетилсин деген буйрук-көрсөтмөлөрү уюм тарабы- нан аткарылбаганда; лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз белгиленген мөөнөт- тө берилбегенде; азыктык чийки заттан чыгарылган этил спиртин жана (же) алкогол продукциясын өндүрүүгө жана (же) аларды сактоого ылайыкталган негизги технологиялык жабдуу пайдаланылганда, ошол эле жабдууда негизги өндүрүш калдыктарынан башка азыктык эмес продукция өндүрүлгөндө жана (же) сак- талганда; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жү- гүртүүгө (чекене соодасын эсепке албаганда) ылайыкталган, даяр продук- циядагы суусуз спирттан концентрациясын жана көлөмүн, даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматташкан каражаттар, этил спир- ттин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн кө- лөмү жөнүндө маалыматты каттоочу жана ушул Мыйзамдын 6-статьясынын та- лаптарына ылайык мамлекеттик бирдиктүү автоматташкан маалымат система- сына өткөрүп берүүчү техникалык каражаттар менен жабдылбаган негизги технологиялык жабдуу пайдаланылганда; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны ушул Мыйзамдын 9-статьясында каралган талаптар бузулуу менен, ал эми спирттүү азыктык эмес продукция ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 4-пунктунда каралган талап- тар бузулуу менен жүгүртүлгөндө; уюм тарабынан мамлекеттик статистика чөйрөсүндө тармактар аралык координациялоону жана иш-милдети жагынан жөнгө салууну ишке ашыруучу аткаруу бийлик органына алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана берип туруу жөнүндө маалыматтар белгиленген мөөнөттө берилбегенде; этил спирти, анын ичинде денатурат жана даяр продукциянын көлөмү- нүн 60 пайызынан ашуунун этил спирти түзгөн, идишке куюштурулбаган спирттүү продукция кабарланбастан туруп берилгенде, сатып алынган учу- рунда; этил спиртин жана алкогол продукциясын өндүрүү үчүн ушул Мыйзамдын 18-статьясынын 10-пунктунун талаптарын бузуу менен жаны негизги техно- логиялык жабдуулар колдонулганда; ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү аб- зацтарынын талаптары бузулганда; акциздик маркалар башка уюмдарга өткөрүп берилгенде; пайдаланылышы мыйзамсыз экени жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген- ден кийин патенттер менен корголгон катталган товардык белгилер, ошон- дой эле ойлоп табуулар жана өнөр жайлык үлгүлөр колдонулганда. Лицензиянын колдонулушу аныкталган тартип бузууларды четтетүү үчүн зарыл мөөнөткө токтото турулат. Көрсөтүлгөн мөөнөт 3 айдан ашпоого тий- иш. Эгерде белгиленген мөөнөттө арыз ээси көрсөтүлгөн шарттарды четтет- песе, лицензиялоочу орган лицензияны кайра алып коюуга укуктуу. Лицензиялоочу орган лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө че- чим кабыл алынган күндөн тартып 7 күндөн ашпаган мөөнөттө даяр продук- циянын калдыктарын, аны өндүрүү үчүн колдонулуучу чийки заттар менен чала фабрикаттарды алып коюуну, ошондой эле этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана сатууну четтетүү максатында жабдуу- лар менен коммуникацияларга пломба коюуну ишке ашырат. Лицензиянын колдонулушун убактылуу токтотууга алып келген себеп- терди четтетүү жөнүндө уюмдан арыз түшкөндөн кийин лицензиялоочу орган 10 күндүн ичинде лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү же калыбына келтирүүдөн баш тартуу жана лицензияны кайра алып коюу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. Лицензиялоочу орган көрсөтүлгөн мөөнөттө ушул чечимдердин бирин кабыл албаса, лицензиянын колдонулушу калыбына келти- рилди деп эсептелет. Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө лицензиялоочу орган кабыл алган чечим тууралу сотко даттанылса болот.

2. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана

жүгүртүүгө лицензиянын колдонулушу арыз ээси өзү берген арыздын неги- зинде же мындай лицензиянын колдонулуш мөөнөтү бүткөндө токтотулушу мүмкүн.

3. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана

жүгүртүүгө лицензия лицензиялоочу органдын чечиминин негизинде кайра алынып коюлушу мүмкүн. Мындай лицензияны кайра алып коюу үчүн төмөндөгүлөр негиз болот: лицензия алуу үчүн уюм тарабынан берилген документтерде туура эмес маалыматтар табылышы; этил спирти, анын ичинде денатурат тиешелүү лицензиясы же билди- рүүлөрү болбогон керектөөчүлөргө берилиши; маркаланбаган же жасалма маркалар чапталган алкогол продукциясы жүгүртүлүшү; алкогол жана спирттүү азыктык продукция мыйзамда каралган лицензи- ясы жок уюмдарга берилиши; лицензиялоочу органдын лицензиянын колдонулушун токтото туруу жө- нүндө чечими аткарылышы; этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү- гүртүү көлөмү жөнүндө декларацияларга бир жылдын ичинде туура эмес маа- лыматтардын кайталап билдирилиши же бир жылдын аралыгында лицензиялоочу органга көрсөтүлгөн декларациялар өз учурунда берилбеши; техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген продукция чыгарылышы; тиешелүү лицензиялары болбогон уюмдар үчүн келишимдик же келишим- дик эмес негизде этил спиртинин, алкогол жана спирттүү продукциянын чы- гарылышы жана сатылышы; бир жылдын ичинде бир эле тартип бузуу жасалгандыгы үчүн лицензия- ны колдонуунун кайрадан токтотулушу; лицензиялоочу органга уюмдун лицензиядагы талаптарга шайкеш ке- лер-келбестигин текшерүүгө, даяр продукциядагы суусуз спирттин концент- рациясын жана көлөмүн, даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматташкан каражаттардын жана этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукциянын көлөмү жөнүндө маалыматты каттоочу жана мамлекет- тик бирдиктүү автоматташкан маалымат системасына өткөрүп берүүчү техни- калык каражаттардын иштетилишине контроль жасоого жана алардан көрсөт- күчтөрдү алууга мүмкүндүк берилбеши; коммуникацияларда же даяр продукциядагы суусуз спирттин концентра- циясын жана көлөмүн, даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматташкан каражаттарда жана этил спиртин, алкогол, спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматты кат- тоочу жана мамлекеттик бирдиктүү маалымат системасына өткөрүп берүүчү, лицензиялоочу орган тарабынан пломбаланган (мөөрлөнүп бекитилген) тех- никалык каражаттарда пломбалары жок болгондо же бузулуп калганда негиз- ги технологиялык жабдуунун иштетилиши; ушул Мыйзамдын 5-статьясынын он алтынчы абзацына ылайык составында спирти бар продукцияда белгиленген максималдуу үлүштөн арбын этил спир- ти бар спирттүү продукциянын өндүрүлүшү жана жүгүртүлүшү; денатураттын же ушул Мыйзамда бекитилген тизмекке шайкеш келбеген денатураланган заттары бар денатураланган спирттүү продукциянын жана денатураланган заттардын концентрациясынын же болбосо денатураттын же денатураланган спирттүү продукциянын пайдалануу тартиби бузулуу менен берип турулушу; тиешелүү лицензиялары болбогон уюмдарга этил спиртинин берип туру- лушу жана этил спиртинин билдирүүсүз жыл ичинде кайталанып берилиши; лицензиянын колдонулушун токтото турууга алып келүүчү шарттардын белгиленген мөөнөттө четтетилбеши.

4. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана

жүгүртүүгө лицензиянын колдонулушун токтото туруу же мындай лицензияны кайра алып коюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндөн ке- чиктирилбестен жүйөлүү себеби көрсөтүлүү менен лицензиялоочу орган та- рабынан жазуу жүзүндө арыз ээсине билдирилет.

5. Лицензияны алып койгон учурда лицензиялоочу орган лицензияны

кайра алып коюу негиздерин эске алуу менен уюмдун арызынын негизинде лицензияга өзгөчө белги коюп, көлөмүн көрсөтүү менен этил спиртинин, алкогол жана спирттүү продукциянын калдыктарын сактоо жана сатуу укугу- на убактылуу уруксат берүүгө укуктуу. Мындай продукциянын калдыктарын сатуу лицензиялоочу органдын контролдугу менен ишке ашырылат. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-20)
