# 17-статья. Лицензияланууга тийиш иштердин түрлөрү

- Документ: [Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202131)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июлундагы № 98 "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 октября 2009 года № 269 "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3571/edition/356562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202131/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 17-статья (13.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-17

---

1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана

жүгүртүү боюнча иштин түрлөрү лицензияланууга тийиш.

2. Лицензия иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүү үчүн берилет:

өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде денатуратты өндүрүүгө, сакто- ого жана берүүгө; өндүрүлгөн алкогол жана спирттүү тамак-аш продукциясын сактоого жана берип турууга; этил спиртин, алкогол жана спирт кошулуучу тамак-аш продукциясын сактоого; спирт кошулуучу тамак-аштык эмес продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана берүүгө; алкогол продукциясын чекене сатууга.

3. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана

өндүрүлгөн продукция чекене соодага берилген жана келип түшкөн ар бир түрү боюнча лицензияланууга тийиш.

4. Ушул статьянын 2-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарында

көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия алкогол продукциясы- на, спирттүү тамак-аш азыктарына жана спирттүү азыктык эмес продукцияга өзүнчө берилет.

5. өндүрүлгөн этил спиртин, алкогол жана спирттүү азыктык продук-

цияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия ушул Мыйзамдын 7-статьясынын талаптарына жооп бергидей жабдуулары бар уюмдарга гана берилет.

6. Бешинчи жана алтынчы абзацтарда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн

кошпогондо, ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилет.

7. Ушул статьянын 2-пунктунун бешинчи абзацында көрсөтүлгөн иштер-

дин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы- нан белгилеген тартипте берилет. Мындай лицензиялар Кыргыз Республика- сынын Өкмөтү тийиштүү түрдө ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдары тарабынан берилет.

---

Мурунку берене: [16-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-16-1)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-18)
