# 16-статья. Алкогол продукциясын берип туруунун жана чекене

- Документ: [Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202131)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 9-июлундагы № 98 "Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 09.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 октября 2009 года № 269 "О государственном регулировании производства и оборота этилового спирта и алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/202669)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 250 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203199)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131#diff=356564..356565>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3571/edition/356562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202131/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө, 16-статья (13.10.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-16

---

соодалоонун тартиби

1. Алкогол продукциясын берип турууну жана чекене соодалоону уюм-

дар ишке ашырышат. Жеке ишкерлер алкогол продукциясын чекене соодала- шат. Мындай иштер тийиштүү лицензия болгон шартта гана жүргүзүлөт.

2. Алкогол продукциясын төмөндөгүдөй жагдайларда сатууга жол бе-

рилбейт: балдар, билим берүү уюмдарында жана алардын жанындагы 100 метр ра- диустагы аймактарда, ошондой эле тикеден-тике медициналык мекемелердин өзүндө; шаардык жана шаар четине каттаган коомдук (жалпы пайдалануудагы) транспорттун бардык түрлөрүндө; маданият мекемелеринде (аларда жайгашкан коомдук тамактануу уюмда- рын же пункттарын, анын ичинде юридикалык жак болуп түзүлбөгөнүн кошпо- гондо), ден соолукту чыњдоочу жана дене тарбия-спорт жайларында; жашы жете электерге; ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунун талаптарына ылайык кош- тоочу документтерисиз, шайкеш келүү сертификатысыз жана маркалоосуз.

3. Даяр продукция көлөмүндө 15 пайызынан ашкан этил спирти бар ал-

коголдук продукцияны массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда, аскердик ба- гыттагы объекттерде, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон, лотоктордо, автомашиналарда, башка ушул продукцияларды сатуу үчүн ыњ- гайлашпаган жерлерде чекене сатууга жана таркатууга болбойт. Жанаша аймактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабы- нан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкта- лат. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даяр продукциянын көлөмүндө 15 пайыздан ашуун этил спирти бар алкогол продукцияны чекене сатуу убактысына кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.

4. Даяр продукциянын көлөмүндө 15 пайыздан ашуун этил спирти бар

алкоголдук продукцияны шаарларда чекене сатуучу уюмдардын бул максат үчүн контролдук-кассалык техникасы бар соодалык жана кампалык жайлары болууга тийиш. (КР 2008-жылдын 4-августундагы № 187, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 24-июлундагы №250 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-15)  
Кийинки берене: [16-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202131/st-16-1)
