# 8-3-статья. Эларалык кызматташтыкты өнүктурүүтө көмөк көрсөтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202130)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-июлундагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 06.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203 "Об Акыйкатчы (Омбудсмене) Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031622)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202130/st-8-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3570/edition/329291/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу, 8-3-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202130/st-8-3

---

боюнча Омбудсмендин (Акыйкатчынын) иштери

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иштери мамлекеттин өз жарандарын анын чегинен тышкары жерде кор- гоо жана чет элде жашап жаткан мекендештер менен байланышын чындоо бо- юнча тышкы саясий иштеринин бир бөлүгү болуп саналат. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы элара- лык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Омбудсмен (Акый- катчы) төмөнкүлөргө укуктуу:

1) адам укуктарын коргоо боюнча эларалык уюмдар жана мамлекеттер

аралык органдар, чет мамлекеттердин адам укуктары боюнча улуттук орган- дары менен түз байланыштарды түзүүгө жана адам укуктарын коргоо жагынан алар менен өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө;

2) эларалык мамилелерде адам укуктарын коргоо жагынан эксперт ка-

тары мамлекеттин атынан өкүл болууга;

3) адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга бе-

рилүүчү улуттук баяндамаларды даярдоого жана карап чыгууга катышууга;

4) адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына четэлдик

(эларалык) байкоочу болууга; мыйзамда белгиленген тартипте четэлдик (эларалык) байкоочуларды чакырууга;

5) мыйзамда белгиленген тартипте адамдын жана жарандын укуктары

менен эркиндиктерин коргоо жагындагы пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга эларалык уюмдардан техникалык, финансылык жана башка жардам- дарды алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.".

9. 9-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Омбудсмен (Акыйкатчы) даттанууну текшерип бүткөндөн кийин анын жыйынтыгы тууралу арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү.".

10. 10-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасында жүрүшкөн чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын же болбосо алардын өкүлдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын мам- лекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, ишканалар- дын, кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын Кыргыз Республика- сынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эла- ралык келишимдер жана макулдашуулар менен белгиленген адамдын жана жа- рандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуп жатышкан чечимдерине же ара- кеттерине (аракетсиздигине) тиешелүү болгон арыздарды жана даттануулар- ды карайт."; 4-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10. Арыз же даттануу кызыккан адам тарабынан аты-жөнүн жана арыз ээсинин дарегин көрсөтүп кол коюлууга тийиш, арыз ээсинин ою боюнча, анын укуктарын жана эркиндиктерин бузган же бузуучу чечимдердин же ара- кеттердин (аракетсиздиктин) маани-мањызы баяндалып, ошондой эле анын даттануусу боюнча кабыл алынган, эгерде ошондойлор кабыл алынса, чечим- дердин көчүрмөлөрү менен коштолот."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын: "14. Омбудсменге (Акыйкатчыга) берилген даттануу арыз ээси же анын өкүлү тарабынан кайра чакыртып алынышы мүмкүн."; 14-18-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 15-19-пункттар деп эсептел- син; 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17. Омбудсмен (Акыйкатчы) кабыл алынган чечим жөнүндө алар отуз күнгө чейинки мөөнөттүн ичинде териштирилүүгө тийиш болгон маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жөнөтүшү үчүн чечим же аракеттер (аракетсиздик) тууралу мамлекеттик органга, ишканага, мекемеге, уюмга, кызмат адамына же болбосо мамлекеттик кызматчыга билдирет.".

11. 11-статьяда:

1-пунктундагы "абалы" деген сөз "сакталышы" деген сөз менен алмаш- тырылсын; 2-пункттун экинчи абзацы алып салынсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасында адам укуктары менен эркиндиктерин бузушкан, бул укуктарды калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунуштамалары ме- нен эсептешпеген мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор- гандары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары ата- лууга тийиш."; 5-пункт алып салынсын; 6-9-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 5-8-пункттар деп эсептелсин; 6-пунктундагы "палаталарынын заседаниелеринин" деген сөздөр "жы- йындарынын" деген сөз менен алмаштырылсын; 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндама- лары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын: "9. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндама- лары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысында жана башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

10. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасы мыйзамда

белгиленген тартипте жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жары- яланууга тийиш.

11. Атайын баяндама жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) чечими боюнча жарыяланат.".

12. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1, 11-2 жана 11-3-статьялар

менен толукталсын:

---

Мурунку берене: [8-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202130/st-8-2)  
Кийинки берене: [11-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202130/st-11-1)
