Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо- лор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги ар кандай жөндөмөдөгү "Мыйзам чы-
гаруу жыйыны", "Эл өкүлдөр жыйыны", "Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны", "Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы" жана "Эл өкүлдөр жыйы- нынын сессияларында" деген сөздөр алып салынсын; "Жогорку Кењеш" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө баяндалсын.
2. II главанын аталышындагы "принциптери" деген сөз "тартиби" де-
ген сөз менен алмаштырылсын;
3. 4-статьяда:
1-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "мамлекет- тик жана расмий тилдерди билген, 35тен жаш эмес жана 65 жаштан ашпаган" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ар бир талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тиешелүү комитетинин корутундусу берилет."; 4-пунктундагы "берүү жолу аркылуу" деген сөздөр "пайдаланып" деген сөз менен алмаштырылсын; 6-пунктундагы "жөнөкөй көпчүлүк добушун" деген сөздөр "жалпы саны- нын көпчүлүк добушун" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аларга берилген добуш- тардын бирдей саны менен эки же андан көп талапкер шайланса, ушул та- лапкерлер боюнча добуш берүү бирдиктүү тизме менен жүргүзүлөт жана ки- миси жөнөкөй көпчүлүк добуш алса, ошонусу шайланды деп эсептелинет. До- буш берүү жол-жобосу Омбудсмен (Акыйкатчы) шайланганга чейин уланты- лат."; 11-пунктундагы "белгиленүүгө тийиш" деген сөздөр "өткөрүлүүгө ти- йиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 15-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орунбасар- ларын кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу "Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза- мында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.".
4. 5-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы "биргелешкен" деген
сөз алып салынсын.
5. 6-статьяда:
3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн учурунда жана ал аяктагандан кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилдеги айткан ой-пикири, жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн куугунтукка алынышы жана кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчи- ликке тартылышы мүмкүн эмес.
4. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнө-
түнүн ичинде кол тийбестикке ээ жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке- њешинин макулдугусуз сот тартибинде берилүүчү кылмыш-жаза жана админис- трациялык жоопкерчиликке тартылышы, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, кармалышы, камакка алынышы, тинтүүгө алынышы, ошондой эле башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, тинтүүгө же анын жеке өзү да текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес. Омбудсмендин (Акыйкат- чынын) кол тийбестиги анын турак-жайына жана кызматтык жайына, кол жү- гүнө, жеке жана кызматтык унаа каражаттарына, кат-кабар алышуусуна, ал пайдаланган байланыш каражаттарына, ошондой эле ага таандык болгон до- кументтерге да жайылтылат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) өмүрүнө жана ден соолугуна корку- нуч туулган учурларда анын жана анын үй-бүлөсүнүн коргоого алынышы жана коопсуздугу камсыз кылынат."; 7-9-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 8-10-пункттар деп эсептелсин; 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) статусу Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин же жергиликтүү кењештин депутатынын мандаты менен сый- ышпайт. Омбудсмен (Акыйкатчы) педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укугу жок.
9. Сыйышпастыктын бардык учурларында Омбудсмен (Акыйкатчы) өзү ант
бергенге чейин анын статусу менен сыйышпаган бардык иштерди токтотууга тийиш. Ал белгиленген талаптарды аткарбаган учурда анын ыйгарым укукта- ры токтотулат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши жаны Омбудс- менди (Акыйкатчыны) шайлайт."; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10. Омбудсменге (Акыйкатчыга) тиешелүү болгон ушул статьянын 8-пункту анын орунбасарларына карата да колдонулат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толуктал- сын: "11. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган учурда мурунку жумушу берилет, ал эми ал болбогон учурда мурдагы иштеген жумуш орду боюнча, же болбосо анын макулдугу менен баш- ка ишканадан, мекемеден, уюмдан, мамлекеттик органдан же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынан башка ошого тете жумуш (кызмат орду) бери- лет.
12. Омбудсмен (Акыйкатчы) өз ыйгарым укуктарын аткарган мөөнөттө
аскер кызматына жана аскер жыйындарына чакырылуудан бошотулат.".
6. 7-статьянын 1-бөлүгүндө:
6-пунктундагы "ишти 10 күндүн ичинде" деген сөздөр "ишти ант бер- генге чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) отчетун жактырбаган учурда;"; 7-9-пункттар тиешелүү түрдө 8-10-пункттар деп эсептелсин; 10-пункт алып салынсын; 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн жоболору (5-пунктту кошпогондо) ошондой эле Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орунбасарларына карата да кол- донулат.".
7. 8-статьяда:
1 жана 2-пункттарындагы "жана Жогорку Арбитраждык" деген сөздөр алып салынсын; 3-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын; 6-пункту "же даттанууну" деген сөздөрдөн кийин ", мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын көчүрмөлөрүн" деген сөздөр менен толукталсын; 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9) арызды же даттанууну кароонун жүрүшүндө текшерилип жаткан жаг- дайларга байланыштуу алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү алуу үчүн кызмат адамдарын, мамлекеттик кызматчыларды, Кыргыз Республи- касынын жарандарын, чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды чакы- рууга;"; 10-пунктундагы "анда турган адамдардан суроо-жооп алууга" деген сөздөр "анда турган адамдар менен жекеме-жеке ањгемелешүүгө" деген сөз- дөр менен алмаштырылсын; 11-пунктундагы "укук субъекти" деген сөздөр "адамдар" деген сөз менен алмаштырылсын; 13-пункту "таанышууга" деген сөздөн кийин ", андан кийин алардын көчүрмөлөрүн алууга" деген сөздөр менен толукталсын; 15-пунктундагы "белгиленген" деген сөз алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 18-23-пункттар менен толукталсын: "18) компетенттүү мамлекеттик органдарга жана илимий мекемелерге эксперттик жана талдоо жагынан иликтөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырууга;
19) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакта-
лышына көзөмөлдү жана контролду ишке ашырууда биргелешкен аракеттердин формаларын жана методдорун өркүндөтүү боюнча сунуштар менен прокурату- ранын жана компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылуу- га;
20) сот тажырыйбасын иликтөө жана жалпылоо жана сотторго мыйзам-
дарды жана жалпыга таанылган принциптерди жана эларалык укуктун ченем- дерин колдонуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кам- сыз кылуу маселелери боюнча жетектөөчү түшүндүрмөлөрдү берүү сунуштары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылууга;
21) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин белги-
лүү болгон массалык жана одоно бузууларын иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүү же парламенттик угууларды өткөрүү, аталган комиссиялар- дын ишине же өткөрүлүүчү угууларга катышуу сунуштары менен Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењешине кайрылууга;
22) улуттук максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана адамдын жана
жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча комплекстүү жана тескеё салынган чараларды жүргүзүү, алардын жүзөгө ашырылышына катышуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнө сунуштарды киргизүүгө;
23) администрациялык жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча мамлекеттик
органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жөнөтүүгө.".
8. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1, 8-2 жана 8-3-статьялар менен
толукталсын: "8-1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү укуктары
Кыргыз Республикасынын адамынын жана жаранынын укуктары жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү максатында Омбудсмен (Акыйкатчы) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизилген мыйзам долбоор- лорун алууга;
2) мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топторуна катышууга;
3) тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн мыйзам долбоорлоруна корутунду
берүүгө;
4) мыйзам чыгаруу жагынан демилге укугунун субъекттерине Кыргыз
Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу сунуштар менен кайрылууга;
5) эларалык келишимдерди түзүү, денонсациялоо же колдонулушун ток-
тото туруу жөнүндөгү сунуштарды киргизүүгө.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндөЗакон · 31.07.2002 · № 136 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202130/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>