# 9-статья. Донордун укуктары

- Документ: [Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202129)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 2-июлундагы № 96 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129#diff=723542..723543>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3569/edition/723541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202129/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө, 9-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-9

---

1. Тийиштүү медициналык текшерүүдөн өткөн жана кан тапшырууга каршы көрсөткүчтөрү жок, медициналык максатта кан жана анын компоненттерин өз ыктыяры менен берүүнү каалаган он сегиз жаштан алтымыш жашка чейинки курактагы аракетке жөндөмдүү адам донор болууга укуктуу.

2. Донор:

1) ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдөрдө акысыз же акчалай кайтарым менен кан жана анын компоненттерин берүүгө;

2) медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышууга укуктуу;

3. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдар белгиленген тартипте текшерүүдөн өтүшөт жана ушул Мыйзамда каралган социалдык кепилдиктерден пайдаланууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-10)
