# 6-статья. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугуна көмөк көрсөтүү боюнча ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын администрацияларынын, аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин (зардалдарынын) милдеттери

- Документ: [Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202129)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 2-июлундагы № 96 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3569/edition/723541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202129/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө, 6-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-6

---

1. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери (зардалдары):

1) жарандарды донорлордун катарына тартуу жагынан кан кызматына көмөк көрсөтүшөт;

2) медициналык текшерүүдөн өткөн күнү, ошондой эле кан тапшырган күнү донордун арызы боюнча иштеген, кызмат кылган же окуган жеринен саламаттык сактоо уюмуна барууга тоскоолдуксуз уруксат беришет;

3) сыртка чыгып кан алуу күнүн өткөргөн учурда кан алуу үчүн керек болгон жайды бекер беришет.

2. Донор болуп эсептелген кызматкерге мыйзамдарда белгиленген кепилдиктерди жана артыкчылыктарды беришет.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-7)
