# 4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202129)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 2-июлундагы № 96 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2016 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О донорстве крови и ее компонентов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111374)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129#diff=723544..723545>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3569/edition/723541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202129/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө, 4-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) Кыргыз Республикасында кандын жана анын компоненттеринин донорлугун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

2) кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштурууга, өнүктүрүүгө жана пропагандалоого багытталган мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, каржылайт жана ишке ашырылышын контролдойт;

3) донорлук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары алып чыгуу жана донорлук канды жана анын компоненттерин Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү тартибин бекитет;

4) кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттарды бекитет;

5) донорду медициналык текшерүүнүн тартибин бекитет;

6) донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарды белгилөө тутумун бекитет;

7) кандын компоненттеринин жана препараттарынын сапатын контролдоону камсыз кылат.

(КР 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-5)
