# 16-статья. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары

- Документ: [Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202129)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 2-июлундагы № 96 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3569/edition/723541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202129/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө, 16-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-16

---

1. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону кан кызматы жүзөгө ашырат.

2. Кан кызматы жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу уюмдар кандын жана анын компоненттеринин, кандын препараттарынын сапаты үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

3. Кан жана анын компоненттерин, кандын препараттарын куюуну жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары реципиенттин ден соолугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

4. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдарына бекитилген мамлекеттик мүлк менчиктештирилүүгө тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-17)
