# 15-статья. "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар үчүн социалдык гарантиялар

- Документ: [Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202129)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 2-июлундагы № 96 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июня 2016 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О донорстве крови и ее компонентов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111374)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.06.2016 [Закон КР от 30 июня 2016 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О донорстве крови и ее компонентов"](https://aqlex.ai/kg/doc/111374); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242); 11.03.2009 [Закон КР от 11 марта 2009 года № 81 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О донорстве крови и ее компонентов"](https://aqlex.ai/kg/doc/202566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129#diff=723544..723545>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3569/edition/723541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202129/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө, 15-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-15

---

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Канын отуз жана андан көп жолу бекер, акы алып канын кырк беш жана андан көп жолу беришкен, плазмасын алтымыш жана андан көп жолу беришкен донорлор Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген, "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" деген төш белги менен сыйланышат жана төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;

2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецептери боюнча жеңилдетилген шарттарда дары-дармек каражаттарын сатып алууга;

3) ыңгайлуу учурда кезектеги өргүү алууга;

4) (КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) пенсиясына эсептик көрсөткүчтүн элүү пайыз өлчөмүндө кошумча коштурууга;

6) жеңилдетилген шарттарда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында медициналык тейлөөгө;

7) кандын компоненттерин жана препараттарын сатып алганда алардын наркынын элүү пайызын төлөөгө;

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияга.

2. Мурда "СССРдин Ардактуу донору", "Кыргыз ССРинин Ардактуу донору" деген төш белгилери менен сыйланышкан Кыргыз Республикасынын жарандары "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган жарандарга берилүүчү бардык укуктардан жана гарантиялардан пайдаланышат.

(КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 81, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2016-жылдын 30-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III глава Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-16)
