# 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202129)
- Толук аталышы: КР 2007-жылдын 2-июлундагы № 96 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 02.07.2007
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000918)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3569/edition/723541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202129/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө, 1-статья (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: кан - донордон даярдалган жана кайра куюу же болбосо андан ары өндүрүшкө пайдалануу үчүн кайра иштетилген нак кан; кандын жана анын компоненттеринин донору - медициналык максаттар үчүн канын жана анын компоненттерин ыктыярдуу берген жеке адам; кандын компоненттери - ар кандай ыкмалар менен нак кандан даярдалышы мүмкүн болгон, дарылоо максаттары үчүн пайдаланылуучу канды түзө турган элементтер (эритроциттер, лейкоциттер, тромбоциттер, плазма, плазманы түзүүчүлөр); кан препараты - ар кандай технологияларды колдонуу менен адамдын канынан же плазмасынан алынган дары-дармек каражаты; плазмаферез - акырында кандын айрым элементтерин ага кайтарып, канды бөлүү жолу менен донордон кан плазмасын алуу методу, эки эселенген плазмаферез - ырааттуу түрдө эки этаптуу плазмаферез жолу менен донордон кан плазмасын алуу методу; иммундук плазма берүү - айрым ооруларды дарылоо же кандын препараттарын алуу үчүн максаттуу таасир бергидей плазма алууну көздөп, алдын ала атайын заттардын таасирине кабылган донорлордун плазма берүүсү; кан кызматы - алдына кандын сапаттуу компоненттери жана препараттары менен дарылоо - профилактикалык уюмдарын камсыз кылуу максаты коюлган, донордук канды жана анын компоненттерин даярдоо, кайра иштетүү, сактоо боюнча саламаттык сактоонун мамлекеттик тутумунун атайын медициналык мекемелеринин жыйындысынан турган саламаттык сактоо тармагы; донорлук функция - медициналык максаттар үчүн канды жана анын компоненттерин берүү жол-жобосун аткарууну жана медициналык жактан иликтөөнү камтыган донордун ыктыярдуу актысы; реципиент - донордун каны же анын компоненттери менен препараттары куюлуучу пациент; кандын консервациясы - узак мөөнөт бою кандын курамын жана касиеттерин сактоо үчүн шарттарды түзүү максатында консервациялоочу чөйрөдө донордук канды даярдоо; кан берүү (канды берүү) - донор тарабынан берилүүчү кандын бир жолку көлөмү; кан берүү пункту - стационардык жана көчмө шарттарда кан жана анын компоненттери алынуучу жер; ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын борбордук аткаруу органы.

---

Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202129/st-11)
