Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык топторунун өкүлдөрүнүн телекөрсөтүү жана радио талаш-талкуулары
Күчүндө · 30.03.2023 редакциясы
Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын жана депутаттык топторунун) өкүлдөрүнүн талаш-талкуулар программаларын уктуруу сеткасына ылайык кварталына кеминде бир жолу эфирге чыгарууга тийиш. Мындай ар бир теле жана радиопрограмманын узактыгы отуз мүнөттөн ашпоого тийиш. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналистинин (журналисттеринин) мындай программаларга катышуусуна чектөө коюлбайт. Алып баруучу журналист талаш-талкуулардын катышуучулары үчүн бирдей шартты камсыз кылууга милдеттүү. Талаш-талкуулардын катышуучулары этиканы сактоого, бири-бирине жана алып баруучу журналистке (журналисттерге) акарат келтирүүгө жол бербөөгө жана өздөрү кабыл алган талаш-талкууларды өткөрүү эрежелерин сактоого милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын жана депутаттык топторунун) өкүлдөрү менен биргеликте телекөрсөтүү жана радио талаш-талкууларга катышуу кезегин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын жана депутаттык топторунун) өкүлдөрүнүн катышуусу менен аныктайт.
Берененин тексти 30.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202119/st-7" title="7-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>