# 6-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202119)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2007-жылдын 13-июну №86 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3562/edition/1252699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202119/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө, 6-статья (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-6

---

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын жана депутаттык топтордун) жазуу жүзүндөгү кайрылуулары боюнча республикалык теле- жана радио канал боюнча жылына эки жолудан ашык эмес жана регионалдык теле- жана радио каналдан теле жана радиопрограммалардын уктуруу сеткасына ылайык үч айда бир жолу чыгып сүйлөө мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. Чыгып сүйлөө жөнүндөгү жазуу жүзүндөгү өтүнүч эфирге чыгуудан мурда эки жумадан кечиктирбей берилүүгө тийиш. Берүү алдын ала жазып алуусуз ("түз эфирде") жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары журналисттердин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндө берүүлөрдү даярдоо процессине кийлигишүүгө акысы жок. Бир теле- жана радио берүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир нече депутаттары катыша алышат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-7)
