# 5-статья. Маалымат программалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202119)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2007-жылдын 13-июну №86 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке осуществления контрольных функций Жогорку Кенешем Кыргызской Республики", "О порядке освещения деятельности Жогорку Кенеша Кыргызской Республики в государственных средствах массовой информации")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112585)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202119#diff=1252700..1252701>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3562/edition/1252699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202119/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө, 5-статья (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-5

---

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери маалымат программаларына төмөнкүдөй билдирүүлөрдү (окуяларды) киргизет:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин карамагына берилген маселелер боюнча эң маанилүү чечимдери жана иш-аракеттери жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билдирүүлөрү жана кайрылуулары жөнүндө,

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын чыгып сүйлөшү тууралу;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана депутаттык бирикмелеринин (фракциялардын, депутаттык топтордун) пресс-конференциялары жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдери менен аныкталуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин дагы башка коомдук мааниге ээ болгон фактылары жөнүндө.

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегацияларынын чет өлкөлөргө жасаган расмий визиттери жөнүндө, ошондой эле расмий адамдардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жасаган визити жөнүндө калкты жана жарандык коомду ыкчам кабардар кылууну камсыз кылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштары өткөрүлбөгөн убакыттан тышкары учурда, мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, анын комитеттери менен комиссияларынын ишинин жыйынтыктары, парламенттик угуулардын өткөрүлүшү, кыргыз жана четөлкөлүк парламентаризмдин тарыхы жана иш тажрыйбасы жөнүндө узактыгы бир сааттан кем болбогон маалымат-агартуу жагынан обзордук программаларды апта сайын эфирге чыгарып турууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши жөнүндөгү маалымат программаларын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына трансляцияланышын жана ретрансляцияланышын камсыз кылууга тийиш. (КР 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-6)
