# 4-статья. Милдеттүү телекөрсөтүү жана радиопрограммалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202119)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2007-жылдын 13-июну №86 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3562/edition/1252699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202119/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө, 4-статья (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-4

---

Мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мекемелери тийиштүү телекөрсөтүү жана радиопрограммаларды уктуруунун бекитилген сеткасына ылайык толук көлөмдө, бирок төмөнкүдөй окуялар болгон учурдан тартып жыйырма сааттан кечиктирбей жайылтууну камсыз кылууга милдеттүү:

- алып уктуруу - көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылуулары жана билдирүүлөрү;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышынын ачылышы;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышын толук чагылдыруу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү добуш берген жыйналыштары ошол күндөгү уктуруунун сеткасы тарабынан бекитилген бардык берүүлөр эфирге чыккандан кийин.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын чагылдыруу мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-5)
