# 3-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202119)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2007-жылдын 13-июну №86 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3562/edition/1252699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202119/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө, 3-статья (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык расмий иш чараларын аудио - жана видеотартмаларды жүргүзүп, ал материалдарды беш жыл бою архивде сактайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери жабык жыйналыштарды тартып алууларды кошпогондо, тартып алынгандар менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу. Ушул статья аккредиттелген журналисттердин жыйналыштарда жана башка ачык расмий иш-чараларда өзүнүн аудио-видеотартмаларын алуу укугун чектебейт. Журналисттерди аккредиттештирүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы бекиткен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредиттештирүү тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы жүргүзөт. Уктуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери жана комиссиялары жана теле-радиоуктуруу мекемелеринин редакцияларынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы тарабынан иштелип чыгат, андан кийин теле-радио программаларын уктуруу сеткасына кошулат.

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-4)
