3-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин чагылдыруу
Күчүндө · 30.03.2023 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык расмий иш чараларын аудио - жана видеотартмаларды жүргүзүп, ал материалдарды беш жыл бою архивде сактайт. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери жабык жыйналыштарды тартып алууларды кошпогондо, тартып алынгандар менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга укуктуу. Ушул статья аккредиттелген журналисттердин жыйналыштарда жана башка ачык расмий иш-чараларда өзүнүн аудио-видеотартмаларын алуу укугун чектебейт. Журналисттерди аккредиттештирүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы бекиткен Жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерин аккредиттештирүү тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы жүргүзөт. Уктуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери жана комиссиялары жана теле-радиоуктуруу мекемелеринин редакцияларынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы тарабынан иштелип чыгат, андан кийин теле-радио программаларын уктуруу сеткасына кошулат.
Берененин тексти 30.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202119/st-3" title="3-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>