# 2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202119)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2007-жылдын 13-июну №86 " Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 13.06.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке осуществления контрольных функций Жогорку Кенешем Кыргызской Республики", "О порядке освещения деятельности Жогорку Кенеша Кыргызской Республики в государственных средствах массовой информации")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112585)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 30 марта 2023 года № 76 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О порядке осуществления контрольных функций Жогорку Кенешем Кыргызской Республики", "О порядке освещения деятельности Жогорку Кенеша Кыргызской Республики в государственных средствах массовой информации")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112585); 19.02.2013 [Закон КР от 19 февраля 2013 года № 22 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203829)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202119#diff=1252700..1252701>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3562/edition/1252699/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202119/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу тартиби жөнүндө, 2-статья (30.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат: мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаты - уюштуруучусу мамлекеттик бийлик органы болгон жалпыга маалымдоо каражаты; мамлекеттик региондук жалпыга маалымдоо каражаты - областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик бийлик органдары менен бирге мамлекеттик бийлик органдары же болбосо областтык, шаардык жана райондук мамлекеттик бийлик органдары гана уюштуруучусу болгон жалпыга маалымдоо каражаты; мамлекеттик бийлик органдары - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, укук сотунун системасынын соттору жана судьялары; маалымат программалары - автордук маалымат-аналитикалык программаларын кошпогондо, кун сайын берилүүчү жаңылыктардын теле жана радиопрограммалары; аналитикалык программалар - окуяларга талдоо жүргүзүүчү, узактыгы 20 мүнөттөн кем болбогон апта сайын берилүүчү теле жана радиопрограммалар. (КР 2013-жылдын 19-февралындагы № 22, 2023-жылдын 30-мартындагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202119/st-3)
