1-статья. «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы
Күчүндө · 04.06.2007 редакциясы
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз
Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына («Эркинтоо» гезити,
1998 — жылдьш 16 — сентябры, № 133-140) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
54 - пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«54. Кийинкиге калтыруута болбой турган чукул учурларда четтетүүгө
негиз болгон шарттарды жойгонго чейинки бүткүл мезгил бою аскер
кызматчылары кызмат ордуиан четтетилиши мүмкүн.
Аскер кызматчылары аларды кызматка дайындоого укук берилген
командирлер (начальниктер) тарабынан кызмат ордунан четтетилет, мында:
Башкы штабдын начальниги — Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин
биринчи орун басары өзүнчө бөлүмдөрдү кошуп алганда башкы
башкармалыктардын, башкармалыктардын начальниктерине чейинки аскер
кызматчыларын кызмат ордунан убактылуу четтетүүтө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басарлары (аларга
тендештирилген адамдар) өзүнчө бөлүмдөрдү кошуп алганда башкы
башкармалыктардын, башкармалыктардын начальниктерине чейинки аскер
кызматчыларын (тейлеген багыттары боюнча) кызмат ордунан убактылуу
четтетүүгө укуктуу.
Башкы башкармалыктын, башкармалыктын жана өзүнчө бөлүмдөрдүн
начальниктери, аскерлер тобунун командачылары (аларга тендештирилген
адамдар) мекеменин начальнигинин орун басарларын кошуп алганда
бирикмелердин, аскер бөлүктөрүттүн командирлеринин орун басарларына
чсйинки өздөрүнө баш ийген бирикмелердин, бөлүктөрдүн жана
мекемелердин аскер кызматчыларын кызмат ордунан убактылуу четтетүүгө
укуктуу.
Баш ийүүсүндөгү адамды кызмат ордунан четтеткен командир (начальник)
кызматтан четтетүүгө алып келген себептерди жана кырдаалдарды толук
баяндап, бул жөнүндө команда боюнча токтоосуз түрдө билдирүүгө милдеттүү.
Карамагындагы адамды негизсиз кызмат ордунан четтеткен командир
(начальник) бул үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми кызматтан четтетүү
жөнүндө чечим аны кабыл алган командир (начальник) же анын улук начальниги
тарабынан жокко чыгарылат.
Эскертүү. Кийинкиге калтырууга болбой турган чукул учурлар болуп
төменкүлөр эсептелет:
— аскер кызматчысы жасалган кылмыштын изин жашырып коюшу мүмкүн болсо;
— курал — жарактын, ок — дарылардын, жарылуучу заттардын жана башка
материалдык баалуулуктардын уурдалышы мүмкүн болсо;
— адамдардын курман болушу, согуштук техниканын бузулушу сыяктуу оор
кесепеттерди алып келиши мүмкүн болсо;
— аскер кызматчысына кылмыш иши козголгон болсо жана гергөө жіргүзүлүп
жаткан болсо.
Кийинкиге калтырууга болбой турган учурлардын ушул тизмеси жетиштүү
болуп саналат.».
Берененин тексти 04.06.2007 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202111/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Кічтјрінін Тартип уставына јзгјртіі киргизіі жјніндј (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>