# 8-статья. Чакан ишкерликти колдоо фонддору

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.05.2017 [Закон КР от 10 мая 2017 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования лотерейной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111587); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106#diff=802662..802663>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 8-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-8

---

Чакан ишкерликти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган программаларды, долбоорлорду жана иш-чараларды каржылоо максаттарында бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттарды, өзүнүн ишинен түшкөн кирешелерди, жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүктөрдүн ыктыярдуу төлөмдөрүн, баалуу кагаздарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан түшкөн кирешелерди, ошондой эле чакан ишкерликтин субъекттерине конкурстук негизде бөлүнгөн жеңилдетилген кредиттердин пайыздарынан алынган кирешелерди топтоо аркылуу түзүлгөн коммерциялык эмес уюм чакан ишкерликти колдоо фонду болуп саналат. Чакан ишкерликти колдоо фонду юридикалык жак болуп саналат. Чакан ишкерликке колдоо көрсөтүү фонддун ишинин негизги багыттары төмөндөгүлөр болуп саналат: чакан ишкерликке жана атаандаштыктын өнүгүшүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана чакан ишкерлик жагындагы максаттуу программаларды, долбоорлор менен иш-чараларды ишке ашыруу үчүн финансы ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун негизинде рынок мамилелерин калыптандыруу жагынан көмөк көрсөтүү; экспертизаны жана конкурстук тандап алууну иштеп чыгууга, өткөрүүгө, ошондой эле чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн республикалык, аймактык, тармактык программаларын, чакан ишкерлик жаатындагы долбоорлорду, экономиканы монополиялаштыруудан ажыратууну, атаандаштыкты өнүктүрүүнү, товарлардын рыногун толтурууну, жаны жумуш орундарын түзүүнү ишке ашырууга катышуу; чакан ишкерлик жагындагы ишти жүзөгө ашыруу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылган рынок инфраструктурасын калыптандырууга катышуу; чакан ишкерликтин структураларынын жаңычылдык иштерин,, продукциянын принципиалдуу жаңы түрлөрүн иштеп чыгууну жана өндүрүүнү стимулдаштырууну колдоо, жаңы технологияларды жана ойлоп табууларды өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү; атаандаштык чөйрөнү түзүү жана чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу багыттарды жүзөгө ашыруу үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү; салык салуу жана мыйзам ченемдерин колдонуу маселелери боюнча консультацияларды уюштуруу. Чакан ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча фонддордун негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: колдонуудагы мыйзамдарга ылайык атаандаштыкты өнүктүрүү жана товарлардын рыногун толтуруу максатында монополиялаштыруудан ажыратуу, өндүрүштү кайрадан профилдештирүү программаларын жүзөгө ашырган учурда төлөп берүүчү жана төлөнбөй турган негизде финансылык жардамдарды берүү; чакан ишкерликтин субъектинин милдеттенмелери боюнча күрөө берүүчүнүн, кепилдин, кепил болуучунун иш-милдеттерин аткаруу; рынок инфраструктурасынын өнүгүшүн камсыз кылуучу чарбакер субъекттерди түзүүгө жана алардын иштешине, чакан ишкерликти жана атаандаштыкты өнүктүрүүгө, керектөө экспертизасынын системаларына жана товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоого колдоо көрсөтүүгө, адистештирилген консультациялык уюмдар менен маалымат системаларына үлүштүк катышуу; чакан ишканалар үчүн кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, жаңы экономикалык структураларды колдоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш-чараларды каржылоо; илим изилдөөлөрдү, илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, кеңешмелерди, анын ичинде аталган фонддордун иштери менен байланышкан эл аралык иш-чараларды да каржылоо; ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун каражаттарын тартууга жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чараларды өткөрүү, анын ичинде конкурстарды, аукциондорду, көргөзмөлөрдү өткөрүү, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте баалуу кагаздар менен операцияларды жасоо; чакан ишкерликтин субъекттери үчүн кызыкчылык туудурган укуктук, патенттак-лицензиялык жана башка маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, ички рыноктун конъюнктураларын изилдөө, чакан ишкерлик жагындагы программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууда консультациялык жана уюштуруу-методикалык жактан жардамдарды берүү; белгиленген тартипте тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу, чакан ишкерлик жагындагы эл аралык программаларга жана долбоорлорго катышуу. Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоону финансылык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунун каражаттары төмөндөгүлөрдүн эсебинен түзүлөт республикалык бюджеттин каражаттарынан; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу ченемде мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттардан; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду берген кредиттерден жана кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардан; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондуна жөнөтүлүүчү чакан ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк инвесторлордон келип түшкөн кредиттерден, гранттардан жана башкалардан; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунун чарбалык иштеринен түшкөн кирешелерден; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка чегерүүлөрдөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын тапшырыкчысы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунун чакан ишкерликти колдоонун аймактык жана башка фонддорунун ортосундагы өз ара аракеттери катышуучулардын теңчилдигинин, өз ара экономикалык таламдарынын жана жоопкерчиликтеринин принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунун, чакан ишкерликти колдоонун аймактык жана башка фонддорунун иштеринен түшкөн кирешелер алардын карамагында калат ушул Мыйзамда каралган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууга багытталат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондунан жана чакан ишкерликти колдоонун аймактык фонддорунан каражаттарды бөлүү жана бул каражаттардын эсебинен чакан ишкерликтин субъекттерине кепилдиктерди берүү тартиби, чакан ишкерлик жагындагы программалардын, долбоордун жана иш-чаралардын техника-экономикалык негиздемелери болгондо аталган фонддор тарабынан белгиленет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фонду жана чакан ишкерликти колдоонун аймактык фонддору чакан ишкерликтин субъекттерине банк иштерине лицензиясыз эле чакан ишкерликтин субъекттерине жеңилдетилген кредиттерди, үстөк пайызсыз ссудаларды, кыска мөөнөттүү карыздарды берүүгө укуктуу. Чакан ишкерликти колдоонун аймактык фонддорунун милдеттери жана иш-милдеттери тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ушундай фонддорду түзүүгө ыйгарым укуктуу жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилүүчү алардын жоболорунда аныкталат. Чакан жана орто бизнести колдоонун мамлекеттик фондуна жана чакан ишкерликти колдоонун аймактык фонддоруна тиешелүү бюджеттерден каражаттарды чегерүүнүн жана аталган каражаттарды пайдаланууга контроль жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тийиштүү жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2017-жылдын 10-майындагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-9)
