7-статья. Чакан ишкерликти колдоонун мамлекеттик программалары
Күчүндө · 10.05.2017 редакциясы
Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан иштелип чыгуучу Чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасына ылайык аймактык, тармактык (тармактар аралык) чакан ишкерликти колдоо программаларына ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын республикалык бюджетти сунуш кылар алдында Чакан ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү программасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет. Республикалык бюджетте жыл сайын аны ишке ашырууга ассигнованиелерди бөлүү караштырылат. Чакан ишкерликти мамлекеттик жана аймактык колдоонун программалары төмөндөгү негизги жоболорду өзүнө камтыйт: чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн республикалык, областтык жана райондук деңгээлдеги инфраструктураларын калыптандыруу боюнча чараларды; чакан ишкерликти өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын жана чакан ишкерликтин субъекттеринин иштеринин артыкчылыктуу түрлөрүн; чакан ишкерликтин түрлөрүн өнүктүрүүнү жана негизги багыттарын ишке ашыруу үчүн көрүлгөн чараларды; ишкерликке социалдык жактан коргоого алынбай калган калктын катмарларын, анын ичинде майыптарды, аялдарды, жаштарды, запаска (отставкага) чыккан аскер кызматчыларын, жумушсуздарды, камактан чыккан адамдарды тартуу боюнча чараларды; салык жеңилдиктерин белгилөө жана тийиштүү бюджеттерден жыл сайын чакан ишкерликти колдоого каражаттарды бөлүү боюнча сунуштарды; чакан ишкерликтин субъекттерине илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштердин натыйжаларын, ошондой эле жаңычыл программаларды берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды; чакан ишкерликтин субъекттерине курулушу бүтпөй калган жана бош калган объекттерди, ошондой эле пайда алып келбеген жана чыгашалуу ишканаларды жеңилдетилген шарттарда өткөрүп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды; чакан ишкерликтин субъекттерине алар ижарага алган кыймылсыз объекттерди аталган объекттерге жумшалган каражаттарды эсепке алуу менен биринчи кезекте сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу боюнча чараларды. Чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программалары колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте иштелип чыгат жана калкты ишке тартуу, миграция саясатын ишке ашыруу, экология маселелерин чечүү жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүнүн мамлекеттик программаларына тиешелүү болууга тийиш Чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана аймактык программаларын финансы жагынан камсыз кылуу республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле ушул Мыйзамдын 8-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Жыл сайын милдеттүү түрдө бөлүнүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджеттен чыгаша бөлүгүндө өзүнчө сап менен көрсөтүлөт. Аталган программаларды каржылоонун көлөмү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен тийиштүү бюджеттердин чыгаша бөлүгүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын сунуштамасы боюнча өзүнчө сап менен көрсөтүлөт. Менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан, ишканалар, мекемелер, уюмдар, коомдук бирикмелер өз алдынча чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн программаларын иштеп чыгууга жана шпке ашырууга, чакан ишкерликти колдоо фонддорун түзүүгө, ошондой эле аткаруу бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына айрым долбоорлорду жана иш-чараларды чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана аймактык программаларына киргизүү жөнүндөгү сунуштарды кийирүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине республикалык бюджеттин долбоорун сунуш кылардын алдында Кыргыз Республикасындагы чакан ишкерликтин абалы жана өнүгүшү жөнүндө жана аны мамлекеттик колдоо боюнча чаралар жөнүндө, республикалык бюджеттен чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо максатында берилген каражаттарын пайдалануу тууралу отчетту кошуп баяндама берет.
Берененин тексти 10.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202106/st-7" title="7-статья - Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>