# 6-статья. Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 6-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-6

---

Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо төмөндөгүдөй багыттар боюнча ишке ашырылат: чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн инфраструктурасын калыптандыруу; чакан ишкерликтин субъекттеринин мамлекеттин финансылык, материалдык-техникалык жана маалыматтык ресурстарынан, ошондой эле илимий-техникалык иштеп чыгуулардан жана технологиялардан пайдалануусуна жеңилдетилген шарттарды түзүү; чакан ишкерликтин субъекттерин каттоонун, алардын иштерин лицензиялоонун, алардын продукцияларын тастыктоонун, мамлекеттик статистикалык жана бухгалтердик отчет берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибин белгилөө; чакан ишкерликтин субъекттеринин тышкы экономикалык иштерин колдоо, анын ичинде алардын чет өлкөлүк чарбакер субъекттер менен соода, илимий-техникалык, өндүрүштүк, маалыматтык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү; чакан ишканалар үчүн кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ага баш ийген министрликтер жана мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана аткаруу бийлигинин дагы башка борбордук органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары чакан ишкерликти мамлекеттик колдоого багытталган саясатты жүргүзгөн учурда өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде: чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышат; чакан ишкерликтин абалына жана аны мамлекеттик колдоо боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүшөт, чакан ишкерликти өнүктүрүүнүн божомолдорун жана ага мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана формалары боюнча сунуштарды даярдашат; чакан ишкерликти колдоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурушат, ишкерликтин субъекттеринин мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле мамлекеттин муктаждыктары үчүн продукцияларды жөнөтүүгө, жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарууга катышуусун камсыз кылышат; чакан ишкерликтин субъекттерине салык салуу боюнча жеңилдиктерди жана башка жеңилдиктерди белгилөө жөнүндө, ошондой эле чакан ишкерликти колдоо үчүн республикалык бюджеттин жана мамлекеттик органдардын адистештирилген бюджеттен тышкары фонддорунун каражаттарын пайдалануу тууралу сунуштарды даярдашат; чакан ишкерликти колдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүшөт; мамлекеттин катышуусу менен чакан ишкерликти колдоону жүзөгө ашырып жаткан адистештирилген уюмдар менен мекемелердин иштерин координациялап турат.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-7)
