# 4-статья. Чакан ишкерликтин субъекттерин мамлекеттик каттоо

- Документ: [Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202106)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-майындагы № 73 "Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2007
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3552/edition/802659/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202106/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндө, 4-статья (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-4

---

Чакан ишкерликтин субъекти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген үлгүдөгү арызын берген учурдан тартып каттоодон өтөт жана тиешелүү статус алат. Каттоочу орган чакан ишкерликтин субъекттерин каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген шарттарга кошумча шарттарды белгилөөгө укугу жок. Чакан ишкерликтин субъекттерин мамлекеттик каттоодон качууга же мамлекеттик каттоодон негизсиз баш тартууга белгиленген тартипте сотко даттануусу мүмкүн, эгерде чечим анын пайдасына чечилсе, доогерге алгачкы төлөнгөн мамлекеттик алым төлөп берилет. Көрсөтүлгөн алым жоопкерден өндүрүлөт. Каттоочу органдын мыйзамсыз аракеттери сот тарабынан таанылганда соттун чечиминин негизинде аны каттагандан кийин чакан ишкерликтин субъектинин эсебине которулуучу чыгымдарды каттоочу орган төлөп берет.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202106/st-5)
